БОТКИН Сергей Петрович: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol2_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

09:03, 28 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы

БО́ТКИН Сергей Петрович [5 (17). 9. 1832, Москва – 12 (24). 12. 1889, Франция, Ментона, сөөгү Санкт-Петербургга коюлган] – орус врачы, терапевти, клиникалык медицинадагы физиол. багыттын негиздөөчүсү, коомдук ишмер. Россияда ил. клиникалык медицинаны негиздөөчүлөрдүн бири. Москва ун-тинин медицина ф-тин бүтүргөн (1855). Петербургдагы Мед.-хирургия академиясында проф. (1861). Орус-түрк согуш учурунда 7 айга жакын Балкан фронтунда болгон (1877). Россияда биринчилерден болуп дары заттардын фармакол. ж-а физиол. таасирин изилдөөчү эксперименттик лабор-ны түзгөн. Ички оорулардын клиникасында физиол. багытты колдонгон. Организмдеги патол. процесстердин (толто аневризмасы, бөйрөк оорусу, теринин трофикалык өзгөрүүлөрү ж. б.) пайда болушун изилдеген. Вирустуу гепатиттин жугуштуу экенин аныктаган (ошондон Боткин оорусу деп да аталат). Тарыхта 1-болуп ооруларды акысыз дарылоо үчүн өз клиникасынын алдында амбулатория ачкан (1861). Россияда 1-жолу акысыз оорукананы (азыркы С. П. Боткин атн.) уюштурган (1880).