БОТУЛИЗМ (малда): нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol2_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

09:03, 28 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы

БОТУЛИ́ЗМ м а л д а – жаныбарлардын массалык түрдө уулануусу. Көбүнчө жылдын жылуу мезгилинде, мал жайытта багылган учурда байкалат. Ылаӊ өтө курч өткөндө жылкы ж-а бодо мал эч бир клиникалык белгисиз эле мүрт өлөт. Кээде гана ылаӊдаган мал эстен танган абалда жатып жан берет. Мал сейрек айыгат. Малдын ичинен көбүнчө жылкы, ал эми чочко сейрек ылаӊдайт. Дарылоодо ууланган малдын ичеги-карынын тамакка пайдалануучу соданын эритмеси м-н жууп, чычкактатуучу күчтүү дарылар колдонулат, жылуу клизма жасалат, физиол. эритме, глюкоза ж-а кофеин куят, оозун калий перманганаты м-н чайкайт. Ылаӊ жаӊы башталганда венасына курамында Б-ге каршы анатоксиндүү кан сары суусун көп өлчөмдө куюу жакшы натыйжа берет (жылкыга 600–900 мл).