БӨКЕЙХАНОВ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol2_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
|
09:03, 28 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы
БӨКЕЙХАНОВ Алихан Нурмухамед уулу (25.3. 1866, мурдагы Семей обл., Каркыралы уезди, Токыраун болуштугу – 27. 9. 1937, Москва) – Казакстандын коомдук ж-а мамл. ишмери; улуттук-боштондук ж-а Алаш кыймылынын жетекчиси, Алаш-Ордо автономиялык өкмөтүнүн төрагасы, публицист, илимпоз, котормочу. Каркыралы ш-ндагы мектепти (1886), Омскидеги тех. окуу жайын (1890), Санкт-Петербургдагы токой чарба ин-тунун экономика ф-тин (1894) бүтүргөн. Санкт-Петербургда окуп жүргөн мезгилде студенттик кыймылга активдүү катышкан. Ин-тту аяктаган соӊ Омск токой чарба окуу жайында мугалим болуп иштеген. 1896–1903-ж. Россия империясынын казак жергесине жүргүзгөн экспедициясына катышкан. Экспедиция учурунда ал падышалык Россиянын жүргүзгөн колониялык саясатын иш жүзүндө тереӊ баамдап ж-а ага каршы күрөш жүргүзүү үчүн бүткүл казак элин бириктирүүнү, бул күрөштө расмий бийликке каршы турган саясий күчтөргө таянууну көздөгөн. Б. 1905-ж. «Эл боштондугу» (конституциялык-демокр.) партиясына мүчө болуп кирген. Ал Семей обл-нан I Мамл. Думага депутат болуп шайланган, бирок ошол мезгилде талаа генерал-губернаторунун Указы м-н Павлодар түрмөсүндө 3 ай негизсиз камалгандыктан, Думага катыша алган эмес. 1906-ж. Омскиде чыккан «Голос степи», «Иртыш», 1908-ж. Петербургда – «Товарищ», «Речь», «Слово» гезиттеринде редакторлук кызмат аткарган, о. эле «Казак» гезитинин жарык көрүшүнө ж-а анын улуттук деӊгээлге көтөрүлүшүнө зор эмгек сиӊирген. 1912–17-ж. кадеттер партиясынын уюштуруу к-тинин мүчөсү болгон. 1917-ж. Убактылуу өкмөттүн Торгой обл. комиссары ж-а Түркстан к-тинин мүчөлүгүнө дайындалган. Анын демилгеси м-н 1917-ж. 1-Бүткүл казак съезди өткөрүлгөн ж-а «Алаш» партиясы түзүлгөн, о. эле жылы Б. м-н Байтурсынов баштаган бир топ казак лидерлери 1917-ж. кийинки съездде «Алаш-Ордо» өкмөтүн түзүшкөн. Кийин бул өкмөт Совет бийлигине каршы күрөшүп, ак казактар м-н падышалык генералдар тарабында болгон (1919–20-ж. Совет өкмөтү Алаш кыймылына катышкандарга кечирим жарыялаган). 1920-ж. Казак АССРинин Дыйканчылык Эл комиссариатынын коллегиясынын мүчөсү, 1922-ж. Москвадагы Улуттук иштер комиссариатынын басмасында, 1926–27-ж. Россия ИАда ил. кызматкер болуп иштеген. 1937-ж. Казак ССРинин Жогорку сотунун өкүмү м-н атуу жазасы берилген. Акыркы тергөөдө ал «Алаш» партиясынын Совет бийлигине каршы аракеттерине байланыштуу бардык жоопкерчиликти өз мойнуна алган. 1989-ж. акталган.
А. Жуманалиев.