БӨКӨНБАЕВ (Тоң районундагы кыштак): нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
vol2_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
|
09:03, 28 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы
БӨКӨНБАЕВ (1944-ж. чейин К о л ь ц о в к а) – Ысык-Көл обл-ндагы кыштак. Тоӊ р-нунун ж-а Күн-Чыгыш айыл округунун борбору. Ысык-Көлдүн түштүгүндө, Балыкчы – Каракол автомобиль жолунун боюнда, деӊиз деӊг. 2010 м бийиктикте жайгашкан. Балыкчы темир жол бекетинен 88 км. Калкы 10651 (2009); негизинен мал чарбасында ж-а дыйканчылыкта эмгектенет. Үч орто, муз. ж-а спорт мектептери, кесиптик-тех. окуу жайы, мад-т үйү, оорукана, поликлиника, китепкана, турмуш-тиричилик комбинатынын бөлүмдөрү бар. Кыштактын аты белгилүү акын ж-а драматург Жоомарт Бөкөнбаевдин урматына аталган.