БӨКӨНБАЕВ ГРАНИТ КЕНИ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
vol2_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
|
09:03, 28 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы
БӨКӨНБАЕВ ГРАНИ́Т КЕНИ Ысык-Көл обл-нун Тоӊ р-нунда, Бөкөнбаев кыш-нан 5 км түш.-батыш тарапта, Дубана тоосунун чыгыш жак этегинде. 1975-ж. геол. чалгындоо жумуштары жүргүзүлгөн. Аймагын ордовик мезгилинде жиреп чыккан интрузия тектери түзөт. Кен интрузиянын арасында 2 фазада пайда болгон орт. ж-а майда кристаллдуу бозомук, кызгылтым граниттен турат. Гранит аз жаракалуу, үбөлөнүүгө дуушарланбаган. Аянты 200х300 м. Блоктун чыгышы 30–40%. Граниттен курулуш таштарынан сырткары кооз белек буюмдарын да жасоого болот. Запасы 1 млн м3.