БӨЛҮШТҮРҮҮ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
vol2_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
|
09:03, 28 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы
БӨЛҮШТҮРҮҮ э к о н о м и к а д а – өндүрүш м-н керектөөнү байланыштыруучу звено. Ал өндүрүш каражаттарынын‚ керектөөнүн зарыл ж-а кошумча продуктуларынын бөлүштүрүлүшүн камтыйт. Б. принциптери ж-а формалары өндүрүш жолуна жараша болуп‚ өндүрүштүн өнүгүшүнө таасирин тийгизет. Өндүрүш м-н бөлүштүрүү бири бирине шайкеш келип‚ коомдук байлык пландын негизинде бөлүштүрүлөт. Адегенде өндүрүш каражаттарынын наркы калыбына келтирилет; калган экинчи бөлүгү улуттук кирешени түзүп‚ өндүрүштү өркүндөтүүгө сарпталат; улуттук кирешенин бир бөлүгү керектөө фондун түзүп‚ эмгекчилердин мүдөөсүн канааттандырууга жумшалат. Калган бөлүгү мамлекетти башкаруу м-н өлкөнү коргоого‚ элге билим берүүгө‚ саламаттык сактоого‚ илим м-н иск-вого керектелет.