БӨЛЧӨК: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol2_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
|
09:03, 28 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы
БӨЛЧӨК а р и ф м е т и к а л ы к – 1дин бир же бир нече барабар бөлүктөрүн (үлүштөрүн) туюндурган сан. Б. a b (же a/b) символу м-н жазылат, мында а ж-а b – бүтүн сандар. Б-түн бөлүмү b канча барабар бөлүккө бөлүнгөнүн, ал эми алымы a ошол бөлүктөрдөн канчоо алынганын көрсөтөт. Эгер Б-түн алымы бөлүмүнөн кичине болсо, анда a/b Б-ү дурус Б., тескерисинче болсо буруш Б., бөлүмү 10 санынын даражасы түрүндө көрсөтүлгөн Б. ондук Б. деп аталат. Эгер a/b Б-үнүн алымын ж-а бөлүмүн бир эле санга көбөйтсөк, Б-түн чоӊдугу өзгөрбөйт. Ошондуктан, каалагандай a/b ж-а c/d Б-төрүн бирдей бөлүмгө келтирсе болот. Мындан сырткары, Б-түн алымын ж-а бөлүмүн бир эле санга бөлүп, аны кыскарта алабыз. Натыйжада каалаган Б-тү кыскарбас Б. түрүндө көрсөтсө болот. Бөлүмдөрү бирдей a/b ж-а c/b Б-төрүн төмөнкү эреже б-ча кошуп, кемитебиз:
b
a c
d
c
b
a
.Бөлүмдөрү ар түрдүү a/b ж-а c/d Б-төрүн кошуп, кемитүү үчүн аларды жалпы бөлүмгө келтирүү, б. а. b ж-а d сандарынын эӊ кичине жалпы бөлүнүүчүсүн табуу керек.