БӨРТӨ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol2_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
|
09:03, 28 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы
БӨРТӨ (болжол м-н 1154–1230/31) – Чынгыз хандын жубайы. Коӊурат уруусунун башчысы Дай (Тай) мырзанын кызы. Кыят ичиндеги боржиген (бөрүтегин) уруусунун баатыры Есугей 9 жашар уулу Темучинди (келечектеги Чынгыз хан) коӊурат элине ээрчитип барып, эзелки түрк салты б-ча Б-гө куда түшөт. Көп узабай Есугей кайтыш болуп, Темучин көптөгөн кыйынчылыктарды башынан өткөрөт. Эр жеткен соӊ, болжол м-н 1178-ж. Б-нү издеп барып, алып кайтат. Бирок ошол кезде Темучиндин айылына меркиттер кол салып, Б. туткундалып кеткен. Темучин атасынын досу, Керей хандыгынын ханы Тогрул (Ван хан) м-н жажират уруусунун ноёну, өзүнүн досу Жамуханын жардамы м-н Б-нү бошотот. Чынгыз хан Б-дөн 4 уулдуу болгон: Жучу (1182–1227), Чагатай (1183–1242), Үгөдөй (1185–1241), Тулуй (1193–1256) ж-а аларды өзүнүн мураскорлору катары тааныган. Алар Чынгыз хандын баштаган иштерин андан ары улантуу м-н түрк-монгол элдеринин тарыхында чоӊ из калтырган.
Ад.: Гумилёв Л. Н. «Тайная» и «явная» история монголов XII–XIII вв. М., 1994; Хара Даван Э. Чингис хан как полководец и его наследие. М., 1995.