БӨРҮ (кыргыз уруусу): нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol2_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

09:03, 28 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы

БӨРҮ – кыргыз урууларынын бири. Оӊ канат урууларынын адигине уруулук бирикмесине кирет. Уруунун пайда болушу ж-дөгү санжыралык маалыматтар б-ча оӊ канаттагы Адигине-Тагай бирикмесинин негиздөөчүлөрүнүн бири – Адигиненин беш уулунун бирөөсү Б. Бул уруу андан тараган тукумдардан түзүлгөн. Ил. көз караштарда Б. уруусунун аталышы байыркы тотемдик түшүнүктөр м-н байланышта экендиги белгиленет. Белгилүү болгондой о. кылымдардагы көпчүлүк түрк уруулары өзүлөрүнүн жаралыш тегин бөрү м-н бирге караган уламыштарды калтырышкан. Ушул себептерден Б. уруусу кыргыз уруулук курамындагы байыркы этностук компоненттердин бири болуп, алардын генезисинен о. кылымдардагы түрк уруулары м-н тектештик байкалат. Б. уруусу ич ара бир канча уруктарга бөлүнөт. Аларга – атаке, бабаке, буйла-бөрү, ожукту, кара бөрү, ак чубак, шаа, бабалы, байыш, тана, атантай, тастар топтору киришет. Уруунун өкүлдөрү басымдуу жайгашкан аймактар – Ош обл-нун Кара-Кулжа, Өзгөн, Кара-Суу, Ноокат ж. б. р-ндору.
Р. Жолдошев.