БӨРҮБАШОВ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol2_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

09:03, 28 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы

БӨРҮБАШОВ Бекбосун Ишенбекович (22. 4. 1955-ж.т., Ысык-Көл обл., Түп р-ну, Токтоян айылы) – юрист, юрид. илимд. доктору (2009), тарых илимд. кандидаты (1989), проф. (2015), КР УИАнын корр. мүчөсү (2021). СССРдин 50 жылдыгы атн. КМУнун тарых ф-тин (1982), юрид. ф-тин (1997) бүткөн. 1982–92-ж. КМУнун саясий тарых кафедрасынын улук окутуучусу, доценти, 1992–98-ж. КР ИИМдин Академиясында коомдук-саясий дисциплиналар кафедрасынын, окуу бөлүмүнүн башчысы, 1999–2002-ж. Казак Укук ж-а Эл аралык мамилелер ин-тунун (KIPMO) Бишкек филиалынын директору, 1998–2007-ж. доцент, КРСУнун юрид. ф-тинде мамлекет, укук теориясы ж-а тарыхы кафедрасынын профессору, 2007–2021-ж. Эл аралык ж-а конституциялык укук кафедрасынын башчысы, 2021-жылдан КР Президентинин кеңешчиси. 2010–20-ж. КРдин Конституциялык Кеңешмесинин мүчөсү, 2020-жылдан төрагасы. 170дей ил. эмгектин (а. и. 9 монография, 7 окуу китеби) автору.