БРАЗИЛИЯ БӨКСӨ ТООСУ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol2_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

09:03, 28 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы

БРАЗИ́ЛИЯ БӨКСӨ ТООСУ Түш. Американын чыгышында, Амазонка ойдуӊунан түштүктө. Негизинен Бразилияда, о. эле Уругвайдын түш. бөлүгүн, Парагвай м-н Аргентинанын түш.-батыш четин ээлейт. Атлантика океанынын жээк жагы (чыгыш ж-а түш.-чыгыш) бийик (2890 м, Бандейра чокусу). Тереӊ капчыгай, өрөөндүү кырка тоолордон – серралардан (Серра-ду-Мар, Серра-да-Мантикейра ж. б.) турат; алар түндүктө Амазонка, түш.-батышта Ла-Плата ойдуӊдарын карай эӊкейиштеп кетет. Түш. Америка платформасынын кристаллдык фундаментинин жер бетине чыгып жаткан урчуктары; алардын аралыктарында тектон. кенен ойдуӊдар – Амазонка, Парана, Парнаиба синеклизалары жайгашкан. Негизинен гнейс, кварцит, сланецтен туруп, аларды гранит ж-а диориттер жиреп чыккан. Ойдуӊдары чөкмө тектер, лавалар м-н толгон. Полиметалл, алтын, темир (Итабира) ж-а марганец кенташтары (Серра-ду-Навиу), боксит (Посус-ди-Калдас) ж. б. кендери бар. Түндүгүн (бийикт. 250–300 м ж-а борб. бөлүгүн 800–900 м) түздүктөр (Борборема платосу), чыгышын келки тоо массивдери (Серра-да-Мантикейра; бийикт. 1350 мге чейин), кумдуктан түзүлгөн үстү тегиз дөӊсөөлөр – шападалар (Мату-Гросу платосу) ээлейт. Төмөн ийилген ж-а оёӊ жерлери четтери көтөрүӊкү (куэсталар) моноклинал-кабат түрүндөгү ж-а аккумуляциялык түздүктөрдөн, тектирчелүү лава платолорунан (Панама д-нын ортоӊку агымы) турат. Б. б. субэкватор, тропик ж-а субтропик климат алкактарында жатат. Жылдык жаан-чачыны түн.-чыгышында 500 ммден, борбордук бөлүгүндө ж-а чыгышында 1400–2000 ммге чейин. Агын суулары Амазонка, Парана, Уругвай д-нын алабына кирет; босого, шаркыратмалардын көптүгү кеме жүрүүгө тоскоолдук кылат. Түн.-батышына нымдуу дайыма жашыл ж-а жалбырагы күбүлмө дайыма жашыл токой, борб. бөлүгүнө бадалдуу кампос серрадос саваннасы, түн.-чыгышына ксероморф-суккуленттүү каатинга сейрек токою, чыгышына нымдуу тропиктик дайыма жашыл ж-а жайында жашыл, түштүгүнө аралаш токой ж-а дараксыз кампос лимпос саваннасы мүнөздүү.
Ад.: Лукашова Е. Н. Южная Америка физическая география. М., 1958; Физическая география материков океанов. М., 1988.