БРАНДТ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol2_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
|
09:03, 28 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы
БРАНДТ Вилли [өз аты жөнү Герберт Эрнст Карл Фрам (18. 12. 1913, Любек – 8. 10. 1992, Рейнланд-Гиральц жери, Ункель)] – германиялык мамл. ишмер; ГФРдин федералдык канцлери (1969–74). Жаш чагынан эле жаштардын социал-демокр. кыймылына активдүү катышып, Германиянын социал-демокр. партиясына мүчө болгон. 1932-ж. ал гестаподон Вилли Б. деген ат м-н жашырынып Норвегияга, 1933-ж. Германия Норвегияны басып алгандан кийин Швецияга кеткен. 1945-ж. Германияга кайтып келет. 1949-жылдан ГФР бундестагынын депутаты. 1957–66-ж. Батыш Берлиндин бургомистри, 1964–87-ж. Германиянын социал-демокр. партиясынын төрагасы, 1987-жылдан ардактуу төрагасы. 1966–69-ж. түзүлгөн христиан демократтардын ж-а социал-демократтардын коалициялык өкмөтүнүн вице-канцлери, тышкы иштер министри, 1969–74-ж. ГФРдин федералдык канцлери болгон. Б-тын өкмөтү тышкы саясатта СССР ж. б. соц. өлкөлөр м-н мамилелерди жакшыртууга шарт түзгөн (Б-тын «жаӊы чыгыш саясаты»), ГФР БУУга мүчө болуп кирген. 1976-жылдан БУУнун дүйнөлүк экономиканын маселелери б-ча комиссиясынын төрагасы болгон. Европада оор саясий абалды жеӊилдетүүгө салым кошкондугу үчүн Б. Нобель сыйлыгын алган (1971). 1974-ж. апрелде отставкага чыккан.
