БРЕМСБЕРГ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
vol2_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
|
09:03, 28 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы
БРЕ́МСБЕРГ (нем. Bremse – тормоз ж-а Berg – тоо) – шахтанын жогорудан төмөнкү горизонтуна кенташты түшүрүүгө арналган жер алдындагы жантайыӊкы казылма; оозу жердин бетине чыкпай, кен катмарларынын же кенташ тулкусунун жантайышы б-ча казылган жантык тоо өткөөлү. Демейде, кенди сыртка ташып чыкчу горизонтко чейин казылып, көмүрдү же кенташты ал б-ча конвейер же канаттык вагонеткалар м-н түшүрүү ж-а таза абаны төмөндөн жогору карай берүү максатында да пайдаланат. Аткарган кызматы м-н ээлеген ордуна жараша – негизги (башкы), панелдик, ж. б. участоктук ж-а жардамчы Б. деп айырмаланат.