БРУДНЫЙ Арон Абрамович: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol2_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

09:03, 28 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы

БРУ́ДНЫЙ Арон Абрамович (13. 1. 1932, Фрунзе – 14.3.2011, Бишкек) – философия илимд. доктору (1970), проф. (1972), Кыргыз ССР ИАнын корр. мүчөсү (1987), КРдин илим ж-а техника б-ча мамл. сыйл. лауреаты (1996), КРдин илимге эмг. сиӊ. ишмери (1996). КМУнун тарых (1953, сырттан), КММИнин дарылоо (1953) ф-ттерин бүтүргөн. 1957–59-ж. КММИде окутуучу, 1959-жылдан Кыргыз ССР ИАнын Философия ж-а укук ин-тунун улук ил. кызматкери, сектор башчысы, 1984–98-ж. бөлүм башчысы, 1994–99-ж. КРСУда кафедра башчысы, Борб. Азия-Амер. ун-тинин лабор. башчысы болуп иштеген. 200дөн ашык ил. эмгектин, а. и. 6 монографиянын автору. Алар негизинен семантика ж-а психолингвистиканын филос. маселелерин изилдөөгө арналган. Эмгектери немец, англис, француз, испан, италян, португал, япон тилдеринде жарык көргөн. Кырг-н психологдор ж-а антропологдор коомунун президенти болгон. Жазуучу, драматург катары жараткан «Спритический сеанс» ж-а «Большая игра» пьесалары Москвада коюлган.
Чыг.: Новое мышление. Ф., 1988; Понимание и общение. М., 1989; Другому как понять тебя. М., 1989; Пространство возможностей. Б., 1999; Персонитика. М., 2003; Психологическая герменевтика. М., 2005.