БИОМЕТРИЯ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol2_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
|
11:52, 28 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы
БИОМЕТРИЯ (био... ж-а .....метрия) – колдонмо математиканын биол. маалыматтарды сандык анализ жасоочу бөлүмү. Б-да матем. статистиканын ыкмалары, негизинен баяндоо статистикасы колдонулуп, параметрлерди баалоо ж-а гипотезаны текшерүү, регрессиялык ж-а дисперсиялык анализ жасалат. «Б.» термини көбүнчө «биол. маалыматтарды анализдөөдө матем. статистиканы колдонуу» деген м-н бирдей мааниде колдонулат. «Б.» 19-к-дын аягында англ. окумуштуу Ф. Гальтон ж. б. окумуштуулар антропометрияда корреляцияны эсептөө ыкмасын, кээ бир биол. обьектилердин таралуу тыгыздыгы ж-дө саноо ыкмаларын иштеп чыккандан кийин калыптана баштаган. 1920–30-ж-да бир катар окумуштуулар табигый тандалуунун бир катар моделин Б-лык ыкманы колдонуу м-н аларды ген. изилдөө жүргүзгөн. Кийинчерээк, Б-лык ыкмалар генетикада гана эмес, систематикада, популяциялык биологияда, экологияда, биологияда, табият таанууда ж. б. биол. ж-а аралаш илимдерде кеңири колдонулууда.