БИОСФЕРАДАГЫ ГЛОБАЛДЫК ПРОБЛЕМАЛАР: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol2_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

11:52, 28 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы

БИОСФЕРАДАГЫ ГЛОБАЛДЫК ПРОБЛЕМАЛАР – табигый чөйрөнүн, антропогендик ж-а накта антропогендик (экон., социалдык ж. б.) кубулуштар м-н байланышкан ж-а азыркы коомдун тарыхый өнүгүүсүндө пайда болуп, өзүнүн таасир этүү масштабы б-ча планеталык деӊгээлге жеткен экон., саясий, социалдык, биол., тех., технол. системалардын, о. эле аларды чечүү үчүн бүткүл дүйнөлүк аракеттенүүнү талап кылган проблемалар жыйындысы. Азыркы учурда негизги глобалдык проблемаларга: ядролук коркунуч, экол. кризис, иммун жетишсиздик ооруусунун синдрому (ИЖОС – «СПИД») эпидемиясы, саламаттык сактоо абалы, дүйнө калкынын санынын кескин өсүшү, сабатсыздык, экон. кризис, азык-түлүк, каада-салттарды жокко чыгаруу, конверсия ж-а терроризм проблемалары кирет. Бул глобалдык проблемалардан 20-к-дын аягында экол. проблемалар өтө курч мүнөзгө ээ болду. Алар адамзаттын табигыйка ж-а өзгөргөн табияттын кайра адамга таасир этиши м-н байланышкан. Кескин антропогендик таасирге дуушар болгон чөйрө, белгилүү бир чекке жеткенде кайтарылгыс мүнөзгө жетип, өзүнүн калыбына келүү жөндөмүнөн ажырайт. Бул болсо тиричиликтин табигый шартын бузат. Азыркы учурдагы глобалдык экол. проблемаларга дүйнөлүк океандын булганышы, минералдык ресурстардын түгөнүшү, озон катмарынын жукарышы (озон тешиги), өсүмдүк м-н жаныбарлар түрлөрүнүн жоголушу, климаттын глобалдык деӊгээлде жылышы (парниктик эффект), эл аралык кырсык каптаган аймактардын (Арал, Чернобыль, Амазонка токойлору ж. б.) пайда болушу, кылым оорулары (ИЖОС, рак ж. б.) кирет.
Дүйнөлүк океандын булганышы биринчи кезекте антропогендик зыяндуу заттардын (нефть, көмүртектүү суутек бирикмелери, пестициддер, оор металлдар, детергенттер, радионуклиддер ж. б.) океан акваториясына түшкөнү б-ча эсептелинет. Зыяндуу заттар деӊизге ж-а океанга дарыя агымдары, атм. аба (таштандыларды деӊиздерде жок кылууда), деӊиз транспортунун ж-а танкерлердин авариясында келип түшөт. Атм. аркылуу айрыкча биогендик компоненттер, орг.-синтетикалык бирикмелер (көмүртектүү суутек бирикмелери, дихлордифенилтрихлорэтон – ДДТ, полихлордуубифенилдер – ПХБ ж. б.) океанга кошулат. Океанга жылына 30 миӊдей ар түркүн хим. бирикме (1,2 млрд тга жакын) түшөт. Сууларда болжолдуу 500 миӊ т ДДТ бар экендиги катталган. Хлор органикалык бирикмелер жогорку биоаккумуляциялык жөндөмгө ж-а кескин токсиндик эффектиге ээ болуп, глобалдык деӊгээлде таралган. Орус окумуштуусу Ю. А. Израель ж. б. билдиргендей, дүйнөлүк океандын булганышына антропогендик салым болжолдуу төмөнкүдөй: коргошун үчүн – 92%, сымап – 70%, кадмий – 50%, нефть бирикмелери – 88% ж-а ПХБ м-н пестициддер – 100%. Деӊиз экосистемаларына айрыкча коркунучту 3,5 млн т нефть бирикмелеринин түшүшү туудурат. Булардын ичинен танкер флоту нефть көмүртектүү суутек бирикмелеринин көбүн берет. Анын ичинен 1,46 млн т нефть бирикмелеринин 10%и танкерлердин авариясына таандык. Океанда нефть бирикмелеринин концентрациясы ар кандай аймактарда түрдүүчө: Жер- Ортолук деӊизде 0–950 мкг/л, Түндүк деӊизде 0–350 мкг/л, Атлантика океанында 0–160 мкг/л ж. б. Дүйнөлүк океанга дайыма жасалып туруучу басым деӊиз экосистемаларынын деградациясына ж-а экол. оор кырдаалга алып келүүдө. Иликтөөлөр көрсөткөндөй, сууга түшкөн нефтинин кичине эле концентрациясы мидиялар м-н кош капкалуу моллюскалардын өсүү ылдамдыгын басаӊдатып, гидробионттордун көбөйүшүн азайтат. О. эле планктондун түшүмдүүлүгүн кыскартып турат. Ал эми пестициддер (ДДТ) м-н деӊиз чөйрөсүн булгоо, деӊиз сүт эмүүчүлөрүн ар түрдүү ооруларга чалдыктырып, морфол. терс натыйжага (балыктарда шишиктердин пайда болушу, омурткаларынын ж-а сүзгүчтөрүнүн өзгөрүшү, о. эле устрицалардын, креветкалардын вирустар аркылуу оорушу ж. б.) алып келет. Мунун бардыгы айланып отуруп адамдын ден соолугуна терс таасирин тийгизет.
Озон катмарынын жукарышы негизинен антропогендик факторлордун фреондорду ж-а азот бирикмелеринин атм-га бөлүнүшүнөн (үн ылдамдыгынан жогору болгон ылдамдыкка ээ болгон учуучу ж-а космос аппараттарынын орг. Отунду толук күйгүзбөшүнөн) пайда болгон (к. Озон тешиги). Парниктик эффект проблемасы болсо жер бетиндеги климаттын жылый башташы м-н байланышкан. Бул кубулуш антропогендик кошулмалар (СО2, СН4, О3, азот кычкылы, фреондор) көбөйүшүнүн негизинде болуп жатат. Ал эми кислоталуу жаан-чачын проблемасы – антропогендик таасирлердин натыйжасында атм-нын күкүрттүн диоксиди ж-а азоттун оксиди аркылуу булганышынан пайда болгон.
Ад.: Лавров С. Б. Глобальные проблемы современности. М., 1993; Аттали Ж. На пороге нового тысячелетия. М., 1993; Яншин А. Ю. Научные проблемы охраны природы и экологии. М., 1999.
Б. Үсөнканов, М. Чоров.