БИОТЕХНИЯ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
vol2_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
|
11:52, 28 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы
БИОТЕ́ХНИЯ (био... ж-а гр. techne – өнөр, чеберчилик) – аӊчылык кылынуучу жаныбарларды (негизинен сүт эмүүчүлөр ж-а куштар) табигый шартта көбөйтүү ж-а аларды рационалдуу пайдалануу ж-дөгү илим. Б. иштеп чыгуучу негизги маселелер: аӊчылык кылынуучу айбанат ж-а куштарды коргоо, багуу ж-а көбөйтүү; алардын жашоо шартын жакшыртуу; жапайы айбанаттарды аӊчылык кылынуучу жайларга байыр алдыруу. Б. сырткы чөйрөнүн ж-а адамдын чарбалык ишинин жапайы айбанаттарга көрсөткөн таасирин изилдейт, жапайы жаныбарларды (багыш, чаар бугу, марал ж. б.) бакмалаштыруу ыкмасын, зыянкеч жаныбарларга (карышкыр, чөө, сүлөөсүн, момолой ж. б.) каршы күрөшүү чараларын иштеп чыгат.