БИОТЕХНОЛОГИЯ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol2_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
|
11:52, 28 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы
БИОТЕХНОЛО́ГИЯ (био… ж-а технология) – адамга керек баалуу продукт алуу максатында микроорганизм, өсүмдүк ж-а жаныбарларды технол. өндүрүштө пайдалануу. Микрорганизмдердин ачытуу процессинин натыйжасында нан бышыруу, шарап, сыр даярдоо, пиво кайнатуу сыяктуу Б. тармактары байыртадан белгилүү болгон. Азыр анын жардамы м-н ар кандай биол. активдүү заттар – гормондор, ферменттер, витаминдер, антибиотиктер, дары-дармектер алынат. Б. ыкмалары айлана-чөйрөнү коргоодо өнөр жай өндүрүшүнөн чыккан таштандыларды, кир сууларды тазалоодо кеӊири колдонулат. А. ч. өсүмдүк зыянкечтерине ж-а илдеттерине каршы чыгарылган биопрепараттар, энергия ж-а ресурстарды үнөмдөөчү өндүрүш иштери, тоютка ж-а тамак-аш кошунду белокторун алуу ага негизделген. Ген ж-а клетка инженериясынын өнүгүшүнө байланыштуу мурда алынбаган өтө баалуу дары-дармектер (интерферон, кишинин өсүү гормону ж. б.), вакцинаны синтездөө, жаӊы пайдалуу микроорганизм түрлөрүн, өсүмдүк сортун, мал породасын жаратуу, мал чарбасындагы асыл тукум ишинде клетка технологиясын колдонуу ж. б. мүмкүнчүлүктөр пайда болду. Азыркы Б. биохимия, микробиология, мол. биология, генетика, иммунология, биофизика ж. б. илимдердин жетишкендиктерин пайдаланат.
Ад.: Сельскохозяйственная биотехнология /Под ред.акад. В.С. Шевелухи. М., 2003; Реннеберг Р., Реннеберг И. От пекарни до биофабрики. М., 1991.
Т. Дөөлөткелдиева.