БИОЦЕНОЗ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
vol2_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
|
11:52, 28 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы
БИОЦЕНО́З (био… ж-а гр. koinos – жалпы) – белгилүү бир геогр. мейкиндикте тарыхый эвол. жактан бири-бири м-н тыгыз байланыштагы өсүмдүк, жаныбар ж-а микроорганизмдердин популяцияларынын жыйындысы. Б. терминин немец биологу К. Мёбиус киргизген (1877). «Б.» тирүү организмдердин эвол. өнүгүүсүндөгү табигый тандалуунун натыйжасы болуп эсептелет. Биогеоценозду түзүүчү организмдердин тиричилик үчүн күрөшү табигый-эвол. факторлордун натыйжасында пайда болгон. Б-го кирген өсүмдүк жыйындысы фитоценоз, ал эми жаныбарлардыкы зооценоз деп аталат. Биогендик зат алмашуу катнаштары б-ча организмдер автотрофтор, гетеротрофтор ж-а сапрофагдар болуп бөлүнөт.