БИРГЕЛЕШКЕН ИШКАНА: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol2_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

11:52, 28 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы

БИРГЕЛЕШКЕН ИШКАНА – катышуучу өлкөлөрдүн менчиктеринин негизинде түзүлгөн ж-а өз ишмердигин биргелешип башкаруу‚ чарбалык эсеп ж-а пайданы катышуучулар ортосундагы келишимге ылайык бөлүштүрүү жолу м-н жүзөгө ашыруучу ишкана. Б.и. ата мекендик ж-а чет өлкөлүк өнөктөштөрдүн капиталын салуунун негизинде түзүлөт ж-а чарба ишмердигин биргелешип жүргүзөт. Б. и. жаӊы продукция өндүрүшүн‚ пайдалуу кен байлыктарын өздөштүрүү ж. б. максатта түзүлөт. Б. и. өлкөнүн экономикасына чет өлкөлүк капиталды тартууга‚ пайдаланылбай жаткан ресурстарды тез өздөштүрүүгө‚ керек продукцияны чыгарууну көбөйтүүгө ж-а анын натыйжалуулугун жогорулатууга‚ алдыӊкы техниканы ж-а технологияны үйрөнүүгө мүмкүнчүлүк берет. Катталгандан кийин Б. и. юрид. жактын укугуна ээ болот. Б. и-ни башкаруу үчүн башкарма‚ дирекция ж-а текшерүү комиссиясы түзүлөт. Б. и. уюштуруу документтеринде каралган учурда ж-а тартипте‚ о. эле анын ишмердиги максаттарына ж-а милдеттерине жооп бербесе жоюлушу мүмкүн.