БИРЖА: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
vol2_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
|
11:52, 28 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы
БИ́РЖА (лат. bursa – капчык) – 1) дайыма иштеп турган дүӊ соода рыногунун‚ а. и. Эл аралык сооданын туруктуу ж-а так сапаттык параметри бар массалык товарларын (товардык Б.) же сурам жана сунуштун негизинде баалуу кагаздарды‚ алтынды‚ валютаны (фондулук Б.) же жалданма жумушчуларды (эмгек Б.) сатып алуу ж-а сатуу б-ча системалык операциялардын уюштуруу формасы; 2) сатуучулар ж-а сатып алуучулар учурдагы колдонулган мыйзамынын баасы б-ча өз товарын сатууга мүмкүнчүлүк алат. Б-нын максаты – товарга адилет баа коюу.