БИРОБИЖАН: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol2_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

11:52, 28 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы

БИРОБИЖА́Н (Бира ж-а Бижан д-нын атынан) – Россия Федерациясындагы шаар (1937-жылдан). Еврей Автономия обл-нун адм. борбору. Бира д-нын боюнда жайгашкан. Калкы 74,4 миӊ (2021). Темир жол тоому. Машина куруу («Дальсельмаш», күчтүк трансформатор з-ддору), жеӊил (трикотаж, кийим тигүү, бут кийим), жыгаччылык өнөр жайы өнүккөн. Край таануу музейи, пед. ин-т, 2 театр бар. 1928-ж. Тихонький темир жол бекетинин ордуна пайда болгон.

Шаардын жалпы көрүнүшү.