БИРЮЗА: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol2_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

11:52, 28 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы

БИРЮЗА́ (персче – фирузе) – фосфаттар тобундагы минерал. Хим. формуласы CuAl6[РO4]4(OH)8· 4H2O. Триклин сингониясында кристаллданат. Өӊү асман сыяктуу көгүш, көгүлтүр жашыл. Катуулугу Моос шкаласы б-ча 5–6. С. салм. 2,6–2,8. Б. алюминий кычкылы м-н фосфаттарга бай талаа шпаттуу тоо тектерине жер бетиндеги жез ж-а иондуу суулардын тийгизген таасиринен пайда болот. Чала асыл таш катары кооздук буюмдардын жасалгаларында колдонулат.