БИШКЕК МЕДИЦИНАЛЫК ОКУУ ЖАЙЫ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol2_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
|
11:52, 28 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы
БИШКЕК МЕДИЦИНАЛЫК ОКУУ ЖАЙЫ – орто билимдүү мед. кызматкерлерди даярдоочу окуу жай. 1926-ж. аялдардын акушердик курсу катары негизделген. 1928-ж. Фельдшердик акушердик техникум болуп кайра түзүлгөн. 1935-жылдан мед. орто мектеп, 1950-жылдан Респ. мед. орто окуу жайы, 2000-жылдан азыркыдай аталат. Окуу жайдын медсестралык, акушерлик, фармацевтика, фельдшер-лаборант, санитар-фельдшер ж-а тиш техниктерин даярдоочу бөлүмдөрү бар. Бул окуу жайда 1,5 миӊ студент окуйт, эл агартуунун 13, саламаттык сактоонун 25 отличниги, медицина илимд. 1 кандидаты ж. б. эмгектенишет (2007). Окуу жай ачылгандан баштап 93 миӊдей адис даярдалган ж-а аны Н. И. Лосьев, Ж. К. Мамбеталиев, Г. К. Телтаева, К. К. Байдалиева, Б. Ш. Шадыканова, С. У. Борбиев ж-а К.К. Кененбаев ж. б. директорлор жетектеп, окуу жайдын материалдык-тех. базасын чыӊдоодо зор иштерди аткарышкан. Окуу жай Эмгек Кызыл Туу ордени м-н сыйланган (1967).