БИШКЕК ХОРЕОГРАФИЯЛЫК ОКУУ ЖАЙЫ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol2_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

11:52, 28 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы

БИШКЕК ХОРЕОГРАФИЯЛЫК ОКУУ ЖАЙЫ Ч. Базарбаев атн. 1980-ж. М. Күрөӊкөев атн. Кыргыз мамл. муз.-хореогр. окуу жайынын хореогр. бөлүмүнүн базасында ачылган. Анда жалпыга билим берүүчү мектептердин программалары, талаптары м-н бир эле мезгилде атайын ритмика, гимнастика, фортепьяно, хордо ырдоо сабактары өтүлөт. Хореография окуу жайы ачылгандан бери аны көптөгөн таланттуу жаштар бүтүп чыгышты. 2004-жылдын февраль айында окуу жайга СССР эл арт. Ч. Базарбаевдин аты берилген. Окуу жайда өз кесиптерин мыкты билген Р. Чокоева, Б. Алимбаев, А. Ырсалиев ж. б. тажрыйбалуу педагогдор иштешет.

Сабак учурунда.