БЛОКАДА: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
vol2_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
|
11:52, 28 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы
БЛОКА́ДА (англ. blockade – камалоо) – 1) кандайдыр бир талаптарды аткарууга мажбурлоо максатында камалоого алынган мамлекетти курчоого алуу ж-а тышкы байланыштарын үзгүлтүккө учуратууга багытталган саясий ж-а экон. мүнөздөгү иш-чаралардын системасы. 2) Согуштук Б. – объектти (аскерлер тобун, шаар, мамлекетти ж. б.) кургактыктагы, аба ж-а деӊиз байланышын үзгүлтүккө учуратуу аркылуу камалоого алуу. Б-нын максаты – камалоого алынган объектти алсыратып, багынып берүүгө мажбурлоо, жоолашкан мамлекеттин аскердик экон. кубаттуулугун начарлатуу болуп саналат.