БЛОК-СХЕМА: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
vol2_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
|
11:52, 28 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы
БЛОК-СХЕ́МА (Flowchart) – аракеттерди белгилөөчү блоктор деп аталган жөнөкөй геом. фигуралардын ж-а өткөрүү сызыктарынын жардамы м-н алгоритмди көрсөтүүчү долбоорлоо аспабы. Б.-с. 1960-ж. Американын Улуттук Стандарт институту (ANSI) тарабынан иштелип чыккан. Бул стандарттар бүгүнкү күндө да колдонулууда, анын символдору программанын логикалык тартибиндеги ар түрдүү аракеттерди билгизет. Алгач Б.-с. белгилерин кагазга түшүрүү үчүн калып-үлгүлөр пайдаланылган, азыркы учурда Б.-с. элементтери коммерциялык программалык жабдыкты пайдалануу м-н коюлат ж-а орнотулган Б.-с-ларды өзгөртүү ж-а өркүндөтүү жеӊил аткарылат. Б.-с-ларды түзүүдө структураланган модель колдонулат.