БОБО-ДИУЛАСО: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol2_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

11:52, 28 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы

БО́БО-ДИУЛА́СО, Б о б о - Д ю л а с о (Bolo Dioulasso) – Буркина-Фасо мамл-нин түш.-батышындагы шаар. Уэ провинциясынын адм. борбору. Калкы 1,0 млн (2021); калкынын саны б-ча өлкөнүн борбору Уагадугу ш-нан кийинки 2-шаар. Жолдор тоому, темир жол бекети. Эл аралык аэропорту бар. Б.-Д. өлкөнүн башкы экон. борбору. Тамак-аш (алкоголсуз ичимдиктер, суу май, пиво), самын кайнатуучу, тамеки ишканалары бар; сизаль иштетилет, пахта ж-а шалы тазаланат. Тактай тилинет. Кустардык кол өнөрчүлүк (килем токуу, карапа буюмдар, бут кийим, эмерек, тери иштетүү) өнүккөн. Чоӊ мечит, пед. орто окуу жайы, ил.-тех. изилдөө бюросу, экон. ж-а социалдык илимдер борбору, пахта ж-а текстиль ин-ту, провинция музейи (заманбап африка иск-во экспозициясы, базилика ж-а скульптура) бар. Батыш-Африка салттуу иск-во көргөзмөсү үзгүлтүксүз болуп турат.