БОГДО-ГЭГЭН: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
vol2_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
|
11:52, 28 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы
БО́ГДО-Г ЭГЭН (монголчо богдо – өтө касиеттүү, ыйык; гэгэн – жарык) – Монголиядагы лама чиркөө башчысына ыйгарылуучу наам. Ламаизм дини үстөмдүк кылган мезгилде, 17-к-дын орто ченинде жогорку лама иерархы тарабынан кабыл алынган. 1641-ж. Ундур-гэгэн (1635–1724) биринчи Б.-г. болуп жарыяланган. Тышкы Монголия автономия болуп турган учурда (1911–19) акыркы сегизинчи Б.-г. Чжемцзундамба-хутухта (1870–1924) анын теократиялык башкаруучусу болгон. Монгол элдик рев-ясынан (1921) кийин анын укугуна чек коюлган (чечүүчү роль элдик өкмөттүн колунда болгон). 1924-ж. Чжемцзундамба-хутухта Б.-Г. өлгөндөн кийин Монголия Эл Респ. болуп жарыяланган.