ВАКФ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
2-tom>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
11:41, 17 Январь (Үчтүн айы) 2024 -деги абалы
, х а б у с (ар. кармап калуу) – мусулмандык укукта кайрымдуулук ж-а диний муктаждыктар үчүн атайын ыйгарылган же мураска калтырылган (берилген) кыймылдуу-кыймылсыз мүлк. В-тан салык алынбайт, конфискацияланууга ж-а камакка санкцияланууга жатпайт. Ислам уламаларынын ырастоолору б-ча В-ка карата бардык менчиктөө укуктарынын күчү түбөлүккө токтотулат. В. мурасталбайт, белекке берилбейт, сатылбайт. В. 11-к-дан мусулман өлкөлөрүндө кеӊири тараган. В-тын каражаттарынын туура сарпталышын жогорку – кади (кыргызча – казы) көзөмөлдөп турат. 19-к-да Осмон империясындагы жерлердин үчтөн бир бөлүгү В-ка тиешелүү болгон. Россияда (Крымда, Кавказда) В. мусулмандардын жалпы мүлкү катары эсептелген. Совет бийлиги аларды (В. жерлерин) казыналаштырып салган. СССР урагандан кийин Татарстанда ж-а Түн. Кавказда В-тын де-факто ж-а де-юре укугун калыбына келтирүү аракеттери жасалган. 21-к-дын башталышында Ж. Чыгыштын ж-а Түн. Африканын мамлекеттеринде В-ты башкарууну адистештирилген министрликтер жетектейт. О. Азиядагы В-ты Совет бийлиги жойгон. Кырг-нда В. болгон эмес.