БОДИБИЛДИНГ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol2_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

11:52, 28 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы

БОДИБИ́ЛДИНГ (англ. вody – дене ж-а building – куруу), к у л ь т у р и з м – адамдын булчуӊдарын өрчүтүп, чыӊоочу шаймандар (гантель, штанга ж. б.) м-н жасалуучу физ. көнүгүүлөр тобу. Ал денени чыӊдоочу массалык ж-а спорттук болуп эки түргө бөлүнөт. Байыркы Грекияда кул ээлөөчү доордо эле (б. з. ч. 6–1-к-дарда) пайда болгон. 19-к-дын аяк ченинде спорттун түрү катары Америкада, Европада, кийинчерээк Россияда өнүгө баштаган. Б-дин максаты – булчуӊдарды өрчүтүү ж-а адамдын дене булчуӊдарын рельефтүү, кооз калыптандыруу. Б. м-н машыга баштаганда спортчу өзүнүн салмагын, боюнун узундугун, төшүнүн кеӊдигин, мойнунун, белинин, далысынын, жоон санынын, балтырынын жоондугун ж-а көөдөн кеӊдигин өлчөөсү керек. Ар бир эки айда көрсөткүчтөрү текшерилет. Б. м-н машыгууда атайын

ыкмалар да болот. 1968-ж. Эл аралык федерациясы түзүлгөн. Б. б-ча эл аралык, дүйнөлүк мелдештер өткөрүлөт.