БОЁКТОР (түстүү органикалык бирикмелер): нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol2_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
|
11:52, 28 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы
БОЁКТОР – кездеме, тери, кагаз, пластмасса, резина ж. б.-ды боёодо колдонулуучу түстүү орг. бирикмелер. Б. байыркы заманда эле белгилүү болгон. Табигый Б. көбүнчө өсүмдүктөрдөн (ализарин, индиго), кээде жаныбар организминен (пурпур) алынган. 19-к-дын ортосунда сапаттуу синтездик Б. көп чыгарылып, табигый Б. кеӊири колдонулбай калды. Алардын сапаты молекулаларынын хим. түзүлүшүнө байланыштуу. Хим. түзүлүшү б-ча азобоёктор, нитробоёктор, күкүрттүү боёк, индиго, антрахинон ж. б. топторго бөлүнөт. Алифаттык ж-а алициклдүү катардагы Б-го каротиноиддер кирет. Аларда көмүртек атомдорунун чынжырлары конъюгирлешкен кош байланыш системасында болот. Ароматтык Б-го окси ж-а алкокси топтору бар чексиз кетондор, диарилметан туундулары, хинон, антрахинон ж. б. тиешелүү болсо, гетероциклдүү Б-до көбүнчө пиррол туундулары болот. Тех. жактан материалдарды боёо ж-а аны колдонуу шартына жараша түздөн-түз боёочу, к-талык, негиздик, булгаары, ацетат жибегин, синтездик булаларды боёочу пигменттер, лактар болуп бөлүнөт. Б. кино, сүрөт иштеринде, анализдик химияда, медицинада ж-а басмаканада
колдонулат.
С. Адылов.