БОЗ-КЫР КЫРКА ТООСУ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
vol2_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
|
11:52, 28 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы
БОЗ-КЫР КЫРКА ТООСУ – Какшаал тоо тизмегинин Сары-Жаз капчыгайынан Меридиан кырка тоосуна чейинки чыгыш бөлүгү. Уз. 85 км, туурасы чыгышында 40–50 км, батышында 15–20 км. Орт. бийикт. 5000–6000 м, эӊ бийик жери 7439 м (Жеӊиш чокусу). Генезистик тиби б-ча горст-антиклиналь. Негизинен палеозойдун акиташ теги, сланец ж-а мрамор тоо тектеринен турат. Тоонун чыгыш бөлүгү туташ жаткан кар ж-а мөӊгүлөр м-н капталган. Эӊ ири мөӊгүлөрү: Түш. Эӊилчек ж-а анын сол тармактары – Жылдызча, Жапайы ж. б.; Кайыӊды, Көй-Кап, Темир-Суу (түш. капталында). Түн. капталында гляциалдык-нивалдык ландшафт басымдуу. Альп ж-а субальп шалбаа алкактары батышында гана бар. Түштүк капталы чөлдөн гляциалдык-нивалдыкка чейинки алкактардан турат.