БОЙЛА: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol2_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
|
11:52, 28 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы
БОЙЛА – орто кылымдардагы Түрк кагандыгындагы ж-а Кыргыз мамлекетиндеги жогорку даражадагы мансаптык башкаруу титулу. 7-к-га тиешелүү рун жазмаларындагы маалыматтар б-ча Тонйукуктун демилгеси м-н Кутлуг өзүн Илтериш-каган деп жарыялап, Тонйукук бойла бага тархан, ал эми Мочжо ж-а Дусифу аталган кенже инилери шад, ябгу (жабгу) наамдарына ээ болушкандыгы белгилүү. Демек, бойла бага тархан – кагандын башкы кеӊешчиси, башкы иш башкаруучусу болгон. 1900-ж. Монголиянын Сужа жеринен табылган рун жазуу эстелигинде мындай маалыматтар берилет: «Мен келдим, Уйгур жергесинде Яглакарханды жаа менен атып өлтүрдүм. Мен кыргыздын уулумун. Мен Бойла Кутлуг Ярганмын. Мен башкаруучу Кутлуг Бага Таркандын өкүмүн аткаруучумун. Менин даӊкым күн чыгыштан күн батышка чейин угулду...». Демек, Б. – кыргыз аскер башчысынын мамл. башкаруу иерархиясындагы титулун туюндурат. Кыргыздын көрүнүктүү аскер башчысы Бойла Кутлуг Таркан кыргыз тартибин Борб. Азия аймактарына орношуна жетекчилик кылган.
М. Кожобеков.