БОЛМУШ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol2_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
|
11:52, 28 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы
БОЛМУШ – объективдүү дүйнөнүн, материялык табияттын, ал эми коомдо адамдардын материалдык турмушунун аң-сезимге көз карандысыз жашап турушун белгилөөчү философиянын борб. башкы категориялары. Болмуш (бытие) – конкреттүү мейкиндикте ж-а убакытта жашаган бир реалдуулукту белгилөө үчүн колдонулган филос. термин. Материализм окуусунда болмуштун (Б.) негизин материя түзөт десе, идеализм, тескерисинче, Б-тун негизи идея (абсолюттук идея, рух) деп эсептейт. Б. түшүнүгү метафизиканын өзгөчө бөлүгү – онтологиянын (Б. тууралуу окуунун) иликтөө айдыӊы (предмети). Б. – бул жашоо, ал – бар чындык, болгон реалдуулук. «Б.» түшүнүгү байыркы коомдо адамдар өздөрүн курчап турган дүйнө ж-дө э ӊ ж а л п ы к ө з к а р а ш түзүү аракеттеринен улам келип чыкканын болжолдошот. Философтор Б-тун мазмунун субстанция (дүйнө башат, бардыктын башталмасы, түпмаӊыз) м-н бир катарда карашкан. Тарыхта Б. идеясын алгач байыркы грек ойчулу Парменид алып чыккан. Ал Б-ту «субстанция» м-н окшош, төп маанилеш катары караган. Анын ою б-ча Б. гана бар. Жок нерсе (небытие) деген жок нерсе. Аны аӊ-доого болбойт, андай жок нерсе тууралуу элестөө да мүмкүн эмес. Б. жаралбайт, жок да болбойт. Демокрит Б-тун негизин атомдор түзөт десе, Платон идеялар дүйнөсү анын чыныгы (реалдуу), түбөлүк, өзгөрбөс касиети ж-а сапаты деп атаган. Жаӊы заман мезгилинде бул олуттуу түшүнүк башкача өӊүттөн карала баштаган. И. Канттын болмуш м-н түпмаӊызды (субстанцияны) өз-өзүнчө бөлүп карашы, адамдын иш-аракетиндеги таанымды ж-а практикалык чөйрөлөрдү маани-маӊызына дейре ажырымдоого алып келген. Г. Гегелдин ырастоосунда Б. ж-а ойлоо (мышление) категориялары маӊызы б-ча бипбирдей, окшош. Ойлоо ныпым жок нерседен (небытие) башталып, өзүнүн карама-каршысы – Б. категориясына өтөт. 18–19-к-дагы материализм болмуш м-н материяны бипбирдей, төп деп эсептеген. 20–21-к-дын философиясынын Э. Гуссерль, М. Шелер, Н. Гартман, М. Хайдеггер сыяктуу өкүлдөрү Б-ту жаӊы өӊүттөн, субстанция түшүнүгүнөн ажыратып карай башташты (к. Экзистенциализм). М. Эдилова.