БАЛГАРТ ӨРӨӨНҮ: нускалардын айырмасы
No edit summary |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
'''БАЛГАРТ ӨРӨӨНҮ '''Ички Теңир-Тоодо. Жетим­-Бел, Жетим, Үч-Эмчек тоолору | '''БАЛГАРТ ӨРӨӨНҮ '''Ички Теңир-Тоодо. Жетим­-Бел, Жетим, Үч-Эмчек тоолору менен курчалган. Кара-Саз, Буркан жана Арчалы сууларынын төмөнкү агымында жайгашкан. Узундугу 82 ''км,'' эң жазы жери 7 ''км.'' Өрөөндүн деңиз деңгээлинен бийиктиги 2700–3400 ''м''. Чыгышы тектирлүү; түштүгүндө шиленди жана бийик кашаттар менен Арчалы суу­сунун шиленди конустары, түндүгүндө мөңгү таштарынан пайда болгон дөңсөөлөр жатат. Борбордук бөлүгү түзөң. Өрөөн гранит, кумдук, сланец тоо тектеринен түзүлгөн. Алардын үстүндө чополуу жана плейстоцендин шиленди катмарлары жатат. Түзүлүшү боюнча – грабен-синклиналь. Климаты континенттик. Кышы суук, январдын орточо температурасы –13...–14°С, жайы салкын, июл­дуку 8–9°С. Жылдык жаан-чачыны 300–400 ''мм.'' Кара-Каман, Буркан тоолору мөңгүлүү. Жылуу-Суу, Арчалы, Жылаңач, Кара-Каман, Балгарт, Кара-Саз жана Буркан суулары кошулуп, Кичи Нарынды түзөт. Балгарт өрөөнүндө саз көп кездешет; жер астындагы сууларга бай. Кыртышы кумдак боз топурактуу. Шалбаа жана талаа өсүмдүктөрү басымдуу. Жайыт. Топоним балык жана арт (ашуу) сөздөрүнөн түзүлгөн; «балыктуу суу ашуусу» маанисин туюндурат. [[Category: 2-том, 1-69 бб]] | ||
04:53, 21 Апрель (Чын куран) 2026 -га соңку нускасы
БАЛГАРТ ӨРӨӨНҮ Ички Теңир-Тоодо. Жетим-Бел, Жетим, Үч-Эмчек тоолору менен курчалган. Кара-Саз, Буркан жана Арчалы сууларынын төмөнкү агымында жайгашкан. Узундугу 82 км, эң жазы жери 7 км. Өрөөндүн деңиз деңгээлинен бийиктиги 2700–3400 м. Чыгышы тектирлүү; түштүгүндө шиленди жана бийик кашаттар менен Арчалы суусунун шиленди конустары, түндүгүндө мөңгү таштарынан пайда болгон дөңсөөлөр жатат. Борбордук бөлүгү түзөң. Өрөөн гранит, кумдук, сланец тоо тектеринен түзүлгөн. Алардын үстүндө чополуу жана плейстоцендин шиленди катмарлары жатат. Түзүлүшү боюнча – грабен-синклиналь. Климаты континенттик. Кышы суук, январдын орточо температурасы –13...–14°С, жайы салкын, июлдуку 8–9°С. Жылдык жаан-чачыны 300–400 мм. Кара-Каман, Буркан тоолору мөңгүлүү. Жылуу-Суу, Арчалы, Жылаңач, Кара-Каман, Балгарт, Кара-Саз жана Буркан суулары кошулуп, Кичи Нарынды түзөт. Балгарт өрөөнүндө саз көп кездешет; жер астындагы сууларга бай. Кыртышы кумдак боз топурактуу. Шалбаа жана талаа өсүмдүктөрү басымдуу. Жайыт. Топоним балык жана арт (ашуу) сөздөрүнөн түзүлгөн; «балыктуу суу ашуусу» маанисин туюндурат.