БАЛДАР ҮЙҮ: нускалардын айырмасы
No edit summary |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
'''БАЛДАР ҮЙҮ ''' | '''БАЛДАР ҮЙҮ''' – ата-энеси жок жетим калган, ата-энелери укугунан ажыраган же ден соолугу начар, балдарын убактылуу бага албаган ж. б. орчундуу себептерден улам кароосуз, багуусуз калган балдарды тарбиялоочу мекеме. Кыргызстанда Балдар үйү 7 жашка чейинки жана мектеп курагындагы балдарды тарбиялоочу мекеме болуп бөлүнөт. Балдар үйү тибине жана укуктук статусуна ылайык бал­дар жашоочу жай, тамак-аш, кийим-кечек, да­рылоо, окутуп-тарбиялоо үчүн керектүү шарт­тар менен камсыздалат. Мектепке чейинки курактагы балдар Бишкек, Токмок шаарларындагы Балдар үйүндө атайы адистиги бар педагог, медицина кызмат­керлеринин камкордугу астында тарбияланып, 6–7 жаштан кийин мектеп курагындагы бал­дарга арналган Чүй облусунун Москва районундагы, Ош облусунун Кара-Суу, Баткен облусунун Кадамжай райондорундагы Балдар үйүнө тапшырылат. Балдар үйү кароосуз калган балдарга мамлекеттик деңгээлде кам көрүп, келечекте өз турмушунун ээси болууга, эмгек­тенүүгө даярдайт. | ||
[[Category: 2-том, 1-69 бб]] | [[Category: 2-том, 1-69 бб]] | ||
03:23, 22 Апрель (Чын куран) 2026 -га соңку нускасы
БАЛДАР ҮЙҮ – ата-энеси жок жетим калган, ата-энелери укугунан ажыраган же ден соолугу начар, балдарын убактылуу бага албаган ж. б. орчундуу себептерден улам кароосуз, багуусуз калган балдарды тарбиялоочу мекеме. Кыргызстанда Балдар үйү 7 жашка чейинки жана мектеп курагындагы балдарды тарбиялоочу мекеме болуп бөлүнөт. Балдар үйү тибине жана укуктук статусуна ылайык балдар жашоочу жай, тамак-аш, кийим-кечек, дарылоо, окутуп-тарбиялоо үчүн керектүү шарттар менен камсыздалат. Мектепке чейинки курактагы балдар Бишкек, Токмок шаарларындагы Балдар үйүндө атайы адистиги бар педагог, медицина кызматкерлеринин камкордугу астында тарбияланып, 6–7 жаштан кийин мектеп курагындагы балдарга арналган Чүй облусунун Москва районундагы, Ош облусунун Кара-Суу, Баткен облусунун Кадамжай райондорундагы Балдар үйүнө тапшырылат. Балдар үйү кароосуз калган балдарга мамлекеттик деңгээлде кам көрүп, келечекте өз турмушунун ээси болууга, эмгектенүүгө даярдайт.