БАЛЫКЧЫ БУЛУҢУ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
No edit summary
 
1 сап: 1 сап:
'''БАЛЫКЧЫ БУЛУҢУ ''', К ө т м а л д ы б у л у ң у - Ысык-Көлдүн батыш бөлүгүндөгү эң ири булуң. Чырпыкты кыштагынан меридиан боюнча кеткен 100 ''м'' изобата сызыгы булуңдун табигый чыгыш чеги болуп саналат. Узундугу 34 ''км'' ге чейин, эң кууш жери Тору-Айгыр ж-а Туура-Суу жарым аралынын аралыгында - 13,5 ''км.'' Булуңду батышынан чек&shy;теген Балыкчы түздүгү саздак келип, кумдук&shy; чопо, шагыл таш тектеринен түзүлгөн; камыш&shy;туу. Түндүгүндөгү ж-а түштүгүндөгү аккумуля&shy;циялык жээктеринде чычырканак өсөт. Жа&shy;рым чөлдүү жээгиндеги Боз-Бармак тоосунун чыгыш капталынан, 1620-1640 ''м'' бийиктен көлдүн жогорку деңгээлинин издери байкалат. Боз-Бар&shy;мактын чыгыш уландысы кенен сайроон түрүндө суу астында жатат (10 ''м'' изобата сызыгы жээк&shy;тен 3-5 ''км'' ге чейин жетет). Булуңга туруктуу суу куйбайт; мезгили м-н гана Тору-Айгыр ж-а Туура-Суу сайларынан суу акканы байкалат. Мурда Чүй дарыясынын ийилген жериндеги саздак нук аркылуу Ысык-Көлгө суу куюп турган деген илимий болжол бар (к. ''Бууган, Көтмалды, Ысык-Көл''). Көлдүн деңгээлинин төмөндөшүнөн булуңдун аянты да кичирейүүдө; 1957-жылдан 1984-жылга чейин булуңдун суусу тартылып, кургактыкка айланган жердин аянты 10 ''км'' <sup>2</sup>ге жеткен. Булуңдун таманында суу астындагы эки өрөөн (нук) бар, алар мурда көлдүн деңгээли 110 ''м'' тереңдикте болгон мезгилде жаралгандыгы аныкталган. Өрөөндүн бири Көтмалды нугу&shy;нун чатынан башталып, булуңдун чыгышында 90 ''м'' тереңдиктен бүтөт. Анын эң жазы жери 600 ''м,'' чуңкурдугу башталышында 5-6 ''м,'' орто бөлүгүндө 20 ''м'' дей. Көтмалдынын нугуна суу астындагы өрөөндүн уланып жатышына байла&shy;ныштуу айрым илимпоздор аны Чүй дарыясынын мур&shy;дагы нугу деп аныкташса, башкалары ал Ысык-Көлгө куйган өзүнчө суунун нугу деген пикирге келишүүдө. Экинчи өрөөн (нук) Туура-Суунун уландысы; ал 10 ''м'' тереңдиктен башталып, 120 ''м'' тереңдиктен бүтөт; туурасы 1,0-1,2 ''км,'' чуңкурлугу 40 ''м'' ге чейин. Булуңдун аймагы Ысык-Көл өрөөнүндөгү эң кургакчыл жер бол&shy;гондуктан мында буулануу да кескин жогору (жылына 900 ''мм'' ден ашык). Балыкчы булуңуна саат жебе&shy;синин багытына каршы аккан өзүнчө циклон&shy;дук суу айлампасы мүнөздүү. Август-октябрь айларында батыштан соккон «улан» шамалынан кийин саат жебеси боюнча аккан антициклондук циркуляция агымы пайда болот; шамалдын таа&shy;сиринен булуңдун деңгээли 30 ''см'' ге чейин өзгө&shy;рүп (тартылуу, көтөрүлүү толкундары), шамал басылгандан кийин мезгил-мезгили м-н ''сейши'' кубулушу байкалат. Булуңдун түбүндө (3540 ''м'' тереңдикте) негизинен «хара» балырлары өсөт. Бул балырлар чирип, күкүрттүү суу тек жыттанган автохтон кара баткагын пайда кылат. Баткактын запасы мол болгондуктан, да&shy;рылоодо ж-а чарбада (жер семирткич катары) мааниси зор. Чабак, сазан, каңылтыр, ошондой эле жылтыр балыктары бар. Жээгинде Балыкчы шаары ж-а кеме турак жайгашкан.<br>Ад.: Приозёрная зона озера Иссык-Куля. Ф., 1979.  
'''БАЛЫКЧЫ БУЛУҢУ''', К ө т м а л д ы б у л у ң у Ысык-Көлдүн батыш бөлүгүндөгү эң ири булуң. Чырпыкты кыштагынан меридиан боюнча кеткен 100 ''м'' изобата сызыгы булуңдун табигый чыгыш чеги болуп саналат. Узундугу 34 ''км'' ге чейин, эң кууш жери Тору-Айгыр жана Туура-Суу жарым аралынын аралыгында 13,5 ''км.'' Булуңду батышынан чек&shy;теген Балыкчы түздүгү саздак келип, кумдук&shy; чопо, шагыл таш тектеринен түзүлгөн; камыш&shy;туу. Түндүгүндөгү жана түштүгүндөгү аккумуля&shy;циялык жээктеринде чычырканак өсөт. Жа&shy;рым чөлдүү жээгиндеги Боз-Бармак тоосунун чыгыш капталынан, 1620–1640 ''м'' бийиктен көлдүн жогорку деңгээлинин издери байкалат. Боз-Бар&shy;мактын чыгыш уландысы кенен сайроон түрүндө суу астында жатат (10 ''м'' изобата сызыгы жээк&shy;тен 3–5 ''км'' ге чейин жетет). Булуңга туруктуу суу куйбайт; мезгили менен гана Тору-Айгыр жана Туура-Суу сайларынан суу акканы байкалат. Мурда Чүй дарыясынын ийилген жериндеги саздак нук аркылуу Ысык-Көлгө суу куюп турган деген илимий болжол бар (кара: ''Бууган, Көтмалды, Ысык-Көл''). Көлдүн деңгээлинин төмөндөшүнөн булуңдун аянты да кичирейүүдө; 1957-жылдан 1984-жылга чейин булуңдун суусу тартылып, кургактыкка айланган жердин аянты 10 ''км'' <sup>2</sup>ге жеткен. Булуңдун таманында суу астындагы эки өрөөн (нук) бар, алар мурда көлдүн деңгээли 110 ''м'' тереңдикте болгон мезгилде жаралгандыгы аныкталган. Өрөөндүн бири Көтмалды нугу&shy;нун чатынан башталып, булуңдун чыгышында 90 ''м'' тереңдиктен бүтөт. Анын эң жазы жери 600 ''м,'' чуңкурдугу башталышында 5–6 ''м,'' орто бөлүгүндө 20 ''м'' дей. Көтмалдынын нугуна суу астындагы өрөөндүн уланып жатышына байла&shy;ныштуу айрым илимпоздор аны Чүй дарыясынын мур&shy;дагы нугу деп аныкташса, башкалары ал Ысык-Көлгө куйган өзүнчө суунун нугу деген пикирге келишүүдө. Экинчи өрөөн (нук) Туура-Суунун уландысы; ал 10 ''м'' тереңдиктен башталып, 120 ''м'' тереңдиктен бүтөт; туурасы 1,0–1,2 ''км,'' чуңкурлугу 40 ''м'' ге чейин. Булуңдун аймагы Ысык-Көл өрөөнүндөгү эң кургакчыл жер бол&shy;гондуктан мында буулануу да кескин жогору (жылына 900 ''мм'' ден ашык). Балыкчы булуңуна саат жебе&shy;синин багытына каршы аккан өзүнчө циклон&shy;дук суу айлампасы мүнөздүү. Август-октябрь айларында батыштан соккон «улан» шамалынан кийин саат жебеси боюнча аккан антициклондук циркуляция агымы пайда болот; шамалдын таа&shy;сиринен булуңдун деңгээли 30 ''см'' ге чейин өзгө&shy;рүп (тартылуу, көтөрүлүү толкундары), шамал басылгандан кийин мезгил-мезгили менен ''сейши'' кубулушу байкалат. Булуңдун түбүндө (3540 ''м'' тереңдикте) негизинен «хара» балырлары өсөт. Бул балырлар чирип, күкүрттүү суу тек жыттанган автохтон кара баткагын пайда кылат. Баткактын запасы мол болгондуктан, да&shy;рылоодо жана чарбада (жер семирткич катары) мааниси зор. Чабак, сазан, каңылтыр, ошондой эле жылтыр балыктары бар. Жээгинде Балыкчы шаары жана кеме турак жайгашкан.<br>   Ад.: Приозёрная зона озера Иссык-Куля. Ф., 1979.  


''С. Өмурзаков.''  
''С. Өмурзаков.''  
[[Category: 2-том, 1-69 бб]]
[[Category: 2-том, 1-69 бб]]

09:21, 22 Апрель (Чын куран) 2026 -га соңку нускасы

БАЛЫКЧЫ БУЛУҢУ, К ө т м а л д ы б у л у ң у – Ысык-Көлдүн батыш бөлүгүндөгү эң ири булуң. Чырпыкты кыштагынан меридиан боюнча кеткен 100 м изобата сызыгы булуңдун табигый чыгыш чеги болуп саналат. Узундугу 34 км ге чейин, эң кууш жери Тору-Айгыр жана Туура-Суу жарым аралынын аралыгында – 13,5 км. Булуңду батышынан чек­теген Балыкчы түздүгү саздак келип, кумдук­ чопо, шагыл таш тектеринен түзүлгөн; камыш­туу. Түндүгүндөгү жана түштүгүндөгү аккумуля­циялык жээктеринде чычырканак өсөт. Жа­рым чөлдүү жээгиндеги Боз-Бармак тоосунун чыгыш капталынан, 1620–1640 м бийиктен көлдүн жогорку деңгээлинин издери байкалат. Боз-Бар­мактын чыгыш уландысы кенен сайроон түрүндө суу астында жатат (10 м изобата сызыгы жээк­тен 3–5 км ге чейин жетет). Булуңга туруктуу суу куйбайт; мезгили менен гана Тору-Айгыр жана Туура-Суу сайларынан суу акканы байкалат. Мурда Чүй дарыясынын ийилген жериндеги саздак нук аркылуу Ысык-Көлгө суу куюп турган деген илимий болжол бар (кара: Бууган, Көтмалды, Ысык-Көл). Көлдүн деңгээлинин төмөндөшүнөн булуңдун аянты да кичирейүүдө; 1957-жылдан 1984-жылга чейин булуңдун суусу тартылып, кургактыкка айланган жердин аянты 10 км 2ге жеткен. Булуңдун таманында суу астындагы эки өрөөн (нук) бар, алар мурда көлдүн деңгээли 110 м тереңдикте болгон мезгилде жаралгандыгы аныкталган. Өрөөндүн бири Көтмалды нугу­нун чатынан башталып, булуңдун чыгышында 90 м тереңдиктен бүтөт. Анын эң жазы жери 600 м, чуңкурдугу башталышында 5–6 м, орто бөлүгүндө 20 м дей. Көтмалдынын нугуна суу астындагы өрөөндүн уланып жатышына байла­ныштуу айрым илимпоздор аны Чүй дарыясынын мур­дагы нугу деп аныкташса, башкалары ал Ысык-Көлгө куйган өзүнчө суунун нугу деген пикирге келишүүдө. Экинчи өрөөн (нук) Туура-Суунун уландысы; ал 10 м тереңдиктен башталып, 120 м тереңдиктен бүтөт; туурасы 1,0–1,2 км, чуңкурлугу 40 м ге чейин. Булуңдун аймагы Ысык-Көл өрөөнүндөгү эң кургакчыл жер бол­гондуктан мында буулануу да кескин жогору (жылына 900 мм ден ашык). Балыкчы булуңуна саат жебе­синин багытына каршы аккан өзүнчө циклон­дук суу айлампасы мүнөздүү. Август-октябрь айларында батыштан соккон «улан» шамалынан кийин саат жебеси боюнча аккан антициклондук циркуляция агымы пайда болот; шамалдын таа­сиринен булуңдун деңгээли 30 см ге чейин өзгө­рүп (тартылуу, көтөрүлүү толкундары), шамал басылгандан кийин мезгил-мезгили менен сейши кубулушу байкалат. Булуңдун түбүндө (3540 м тереңдикте) негизинен «хара» балырлары өсөт. Бул балырлар чирип, күкүрттүү суу тек жыттанган автохтон кара баткагын пайда кылат. Баткактын запасы мол болгондуктан, да­рылоодо жана чарбада (жер семирткич катары) мааниси зор. Чабак, сазан, каңылтыр, ошондой эле жылтыр балыктары бар. Жээгинде Балыкчы шаары жана кеме турак жайгашкан.
Ад.: Приозёрная зона озера Иссык-Куля. Ф., 1979.

С. Өмурзаков.