БАЛЬЗАК: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
No edit summary
 
1 сап: 1 сап:
'''БАЛЬЗАК Оноре де''' (20. 5. 1799, Тур - 18. 8.1850, Париж) - француз жазуучусу. Вандом кол­лежинде, Парижде укук таануу мектебинде оку­ган. Жаш кезинде философияга өтө кызыккан. Француз агартуучуларынын материализми Бальзакка күчтүү таасирин тийгизген. Саясий көз карашы боюнча ал легити­мист болгон. 1822-25-жылдарда түрдүү псевдонимдер м-н 8 роман жарыялаган. «Чиги­рим булгаары» (1830) рома­нын чыгармачылык ишинин баш­талышы деп санаган. 1829- жылдан жалпы мазмуну, каармандары бири-бири м-н байланышкан 90 чыгармадан - роман, аңгемеден турган «Адам комедиясы» эпопеясын жаза баштаган, анын ичинде ро­мандары: «Белгисиз шедевр» (1831), «Евгения Гранде» (1833), «Горио ата» (1834-35), «Цезарь Биротто» (1837), «Унутулган кыялдар» (1837-
'''БАЛЬЗАК''' Оноре де (20. 05. 1799, Тур 18. 08.1850, Париж) француз жазуучусу. Вандом кол­лежинде, Парижде укук таануу мектебинде оку­ган. Жаш кезинде философияга өтө кызыккан. Француз агартуучуларынын материализми Бальзакка күчтүү таасирин тийгизген. Саясий көз карашы боюнча ал легити­мист болгон. 1822–1825-жылдарда түрдүү псевдонимдер менен 8 роман жарыялаган. «Чиги­рим булгаары» (1830) рома­нын чыгармачылык ишинин баш­талышы деп санаган. 1829- жылдан жалпы мазмуну, каармандары бири-бири менен байланышкан 90 чыгармадан роман, аңгемеден турган «Адам комедиясы» эпопеясын жаза баштаган, анын ичинде ро­мандары: «Белгисиз шедевр» (1831), «Евгения Гранде» (1833), «Горио ата» (1834–1835), «Цезарь Биротто» (1837), «Унутулган кыялдар» (1837–


[[File:БАЛЬЗАК63.png | thumb | none]]
[[File:БАЛЬЗАК63.png | thumb | none]]
43), «Кузина Бетта» (1846). Бул эпопеясында 1816-46-жылдарда француз коомун кеңири камтып, анын карама-каршылыктарын, саясий, экономикалык, моралдык турум-турпатын, адеп-ахлакты реа­листтик мүнөздө ачып берген. Жеке адамдын коом м-н тарыхка багынычтуулугу, коомдун өкүлдөрүнүн идеалдары, жашоо принциптери «Гобсек» (1830), «Нусингендин банк үйү» (1838), «Дыйкандар» (1844) өңдүү ири чыгармаларында ашкереленген, ал түрдүү мүнөздөгү классикалык образдардын бүтүндөй бир галереясын түзгөн. «Бальзак француздарды 5 миң кишиге көбөйттү» деген афоризм да ушундан улам чыккан. Анын чыгармалары дүйнөлүк көркөм өнүгүшкө зор таа­сир тийгизген. Мисалы, А. С. Пушкин, В. Г. Белинский, А. И. Герцен, И. А. Тургенев, Л. Н. Толстой, айрыкча Ф. М. Достоевский м-н М. Горький анын чыгармачылык мектебинен өткөн. Айрым чыгармалары кыргыз тилине которулган. [[Category: 2-том, 1-69 бб]]
1843), «Кузина Бетта» (1846). Бул эпопеясында 1816–1846-жылдарда француз коомун кеңири камтып, анын карама-каршылыктарын, саясий, экономикалык, моралдык турум-турпатын, адеп-ахлакты реа­листтик мүнөздө ачып берген. Жеке адамдын коом менен тарыхка багынычтуулугу, коомдун өкүлдөрүнүн идеалдары, жашоо принциптери «Гобсек» (1830), «Нусингендин банк үйү» (1838), «Дыйкандар» (1844) өңдүү ири чыгармаларында ашкереленген, ал түрдүү мүнөздөгү классикалык образдардын бүтүндөй бир галереясын түзгөн. «Бальзак француздарды 5 миң кишиге көбөйттү» деген афоризм да ушундан улам чыккан. Анын чыгармалары дүйнөлүк көркөм өнүгүшкө зор таа­сир тийгизген. Мисалы, А. С. Пушкин, В. Г. Белинский, А. И. Герцен, И. А. Тургенев, Л. Н. Толстой, айрыкча Ф. М. Достоевский менен М. Горький анын чыгармачылык мектебинен өткөн. Айрым чыгармалары кыргыз тилине которулган. [[Category: 2-том, 1-69 бб]]

09:39, 22 Апрель (Чын куран) 2026 -га соңку нускасы

БАЛЬЗАК Оноре де (20. 05. 1799, Тур – 18. 08.1850, Париж) – француз жазуучусу. Вандом кол­лежинде, Парижде укук таануу мектебинде оку­ган. Жаш кезинде философияга өтө кызыккан. Француз агартуучуларынын материализми Бальзакка күчтүү таасирин тийгизген. Саясий көз карашы боюнча ал легити­мист болгон. 1822–1825-жылдарда түрдүү псевдонимдер менен 8 роман жарыялаган. «Чиги­рим булгаары» (1830) рома­нын чыгармачылык ишинин баш­талышы деп санаган. 1829- жылдан жалпы мазмуну, каармандары бири-бири менен байланышкан 90 чыгармадан – роман, аңгемеден турган «Адам комедиясы» эпопеясын жаза баштаган, анын ичинде ро­мандары: «Белгисиз шедевр» (1831), «Евгения Гранде» (1833), «Горио ата» (1834–1835), «Цезарь Биротто» (1837), «Унутулган кыялдар» (1837–

1843), «Кузина Бетта» (1846). Бул эпопеясында 1816–1846-жылдарда француз коомун кеңири камтып, анын карама-каршылыктарын, саясий, экономикалык, моралдык турум-турпатын, адеп-ахлакты реа­листтик мүнөздө ачып берген. Жеке адамдын коом менен тарыхка багынычтуулугу, коомдун өкүлдөрүнүн идеалдары, жашоо принциптери «Гобсек» (1830), «Нусингендин банк үйү» (1838), «Дыйкандар» (1844) өңдүү ири чыгармаларында ашкереленген, ал түрдүү мүнөздөгү классикалык образдардын бүтүндөй бир галереясын түзгөн. «Бальзак француздарды 5 миң кишиге көбөйттү» деген афоризм да ушундан улам чыккан. Анын чыгармалары дүйнөлүк көркөм өнүгүшкө зор таа­сир тийгизген. Мисалы, А. С. Пушкин, В. Г. Белинский, А. И. Герцен, И. А. Тургенев, Л. Н. Толстой, айрыкча Ф. М. Достоевский менен М. Горький анын чыгармачылык мектебинен өткөн. Айрым чыгармалары кыргыз тилине которулган.