БАРАТОВ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
No edit summary
 
1 сап: 1 сап:
'''БАРАТОВ ''' '''Рауф Баратович''' (10. 10. 1921-жылы туулган, Тажикстан, Канибадам) – тажик геологу, петрограф, геология-минералогия илимдеринин доктору (1966), Тажикстан ИАнын академиги (1968), профессор (1967). Орто Азия мамлекеттик университетин (САГУ) бүткөн (1945). 1953-жылдан Тажик ССР ИАнын геология институтунда директор. Баратов – Тажикстандагы магма тоо тектеринин петрология жана металлогениясы боюнча көрүнүктүү адис. Негизги илимий эмгектери Түндүк Тажикстан, Памир жана Түштүк Өзбекстандын, ошондой эле Кыргызстандын түштүк-батышынын геологиясына, магматизм менен металлогениясына арналган. Баратов Ысар-Алай аймагында магматизмдин пайда болуу, өөрчүп-өнүгүү жана андагы эндоген кендеринин таралуу мыйзам ченемин аныктаган. Тажикстандын Ибн Сина атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1970). Илимпоздун урматынан бир минерал – баратовит аталган.
'''БАРАТОВ ''' Рауф Баратович (10. 10. 1921-жылы туулган, Тажикстан, Канибадам) – тажик геологу, петрограф, геология-минералогия илимдеринин доктору (1966), Тажикстан ИАнын академиги (1968), профессор (1967). Орто Азия мамлекеттик университетин (САГУ) бүткөн (1945). 1953-жылдан Тажик ССР ИАнын геология институтунда директор. Баратов – Тажикстандагы магма тоо тектеринин петрология жана металлогениясы боюнча көрүнүктүү адис. Негизги илимий эмгектери Түндүк Тажикстан, Памир жана Түштүк Өзбекстандын, ошондой эле Кыргызстандын түштүк-батышынын геологиясына, магматизм менен металлогениясына арналган. Баратов Ысар-Алай аймагында магматизмдин пайда болуу, өөрчүп-өнүгүү жана андагы эндоген кендеринин таралуу мыйзам ченемин аныктаган. Тажикстандын Ибн Сина атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1970). Илимпоздун урматынан бир минерал – баратовит аталган.
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

08:29, 23 Апрель (Чын куран) 2026 -га соңку нускасы

БАРАТОВ Рауф Баратович (10. 10. 1921-жылы туулган, Тажикстан, Канибадам) – тажик геологу, петрограф, геология-минералогия илимдеринин доктору (1966), Тажикстан ИАнын академиги (1968), профессор (1967). Орто Азия мамлекеттик университетин (САГУ) бүткөн (1945). 1953-жылдан Тажик ССР ИАнын геология институтунда директор. Баратов – Тажикстандагы магма тоо тектеринин петрология жана металлогениясы боюнча көрүнүктүү адис. Негизги илимий эмгектери Түндүк Тажикстан, Памир жана Түштүк Өзбекстандын, ошондой эле Кыргызстандын түштүк-батышынын геологиясына, магматизм менен металлогениясына арналган. Баратов Ысар-Алай аймагында магматизмдин пайда болуу, өөрчүп-өнүгүү жана андагы эндоген кендеринин таралуу мыйзам ченемин аныктаган. Тажикстандын Ибн Сина атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1970). Илимпоздун урматынан бир минерал – баратовит аталган.