БАНКРОТТУК: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol2_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

11:02, 29 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы

БАНКРОТТУК (итал. banco – банк‚ rotto – сынган)‚ к у д у р е т с и з д и к – жөнөкөй түшүнүктө – компаниянын же фирманын‚ жарандын карыз милдеттенмелерин төлөөгө зарыл каражаттарынын жоктугунан улам төлөөдөн баш тартышы. Юрид. көзкараштан алганда сот же арбитраж тарабынан карыздакор төлөөгө таптакыр кудуретсиз ж-а ошого байланыштуу карызын жабуу максатында экон. ишмердик жүргүзүүгө жөндөмсүз деп табылгандыгы Б. деп эсептелет. Б. болгон учурда карыздакордун мүлкүн сатуу же ошол ишкананын кызматкерлери мүлктү сатып алып‚ карызды жабуу бул абалдан чыгуунун жалгыз жолу болуп саналат. Экинчи вариантта ишкананын мүлкү ошол коллективдин менчиги болуп калат. Б. Тууралуу иш козгоого негиз болуп төмөнкүлөр эсептелет: 1) карыздакор өзүн экон. жактан кудуретсиз‚ б. а. банкрот деп таануусу; 2) карыздакордун экон. кудуретсиздигинин себептеринин ж-а натыйжасынын негизинде сот тарабынан Б. Тууралуу иш козголушу; 3) карыздакордун экон. кудуретсиздиги тууралуу соттун же арбитраждын чечиминен кийинки кредитордун арызы. Б. Тууралуу иш арыз же сот чечими түшкөн күндөн тартып козголду деп эсептелет. Cот чарбалык субъектти Б. деп тапкандан кийин тиешелүү чечим чыгарат ж-а жоюу комиссиясын түзөт. Кырг-нда 1997-жылдын 15-октябрында КРдин Жогорку Кеӊеши кабыл алган «Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө» мыйзамдын негизинде иш жүргүзүлөт.