ВАН (Түркиядагы көл): нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
2-tom>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
|
03:32, 18 Январь (Үчтүн айы) 2024 -деги абалы
– Түркиянын чыгышындагы туюк көл. Армян тайпак тоосундагы тектон. өрөөндө 1646 м бийиктикте жайгашкан. Аянты 3,7 миӊ км2дей. Тереӊдиги 145 мге чейин. Кеме жүрөт (Анкара – Тебриз темир жол парому). Суусу туздуу (19,1%). Чыгыш жээгинде Ван ш. жайгашкан. В-га жакын Сюпхан ж-а Немрут жанар тоолору бар. Жээгинде Кырг-ндан ооп барган кыргыздардын чакан тобу жашайт.