БАРА-АЛБАС ӨРӨӨНҮ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol2_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

11:02, 29 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы

БАРА-А́ЛБАС ӨРӨӨНҮ Борб. Теӊир-Тоодо, Ак-Шыйрак суусунун алабында. Батышынан ж-а түндүгүнөн Борколдой, түштүгүнөн Боз-Жалпак, Ак-Зоо тоолору м-н чектешет. Уз. 63 км (Кайчы суусунун чатына чейин), жазы жери 2 км. Деӊиз деӊг. бийикт. 2900–3700 м, курчап жаткан тоолордун салыштырмалуу бийикт. 300–900 м. Өрөөндүн башы эки айрыкка бөлүнөт: сол айрыгы Ыштык өрөөнү деп аталат, анын башында Ыштык ашуусу бар (3689 м бийиктикте). Өрөөндө байыркы мөӊгүнүн таасиринен пайда болгон рельефтин формалары басымдуу. Баш жагында уз. 20 км келген тепши сымал өрөөн, андан төмөн өрөөн кеӊейип, 6 тектирден турат. Бикиртик ж-а Кайчы сууларынын чаттарынын аралыгында (12 кмге) өрөөн кууштап, тереӊ (800–1000 м) капчыгай аркылуу Ак-Шыйрак өрөөнүнө чыгат. Төмөн жагында жапыз адырлары бар. Климаты континенттик, суук. Январдын орт. темп-расы –20...–21°С, июлдуку 4–5°С. Жылдык жаан-чачыны 300–350 мм. Өрөөнгө субальп, альп шалбаасы ж-а шалбаалуу талаасы (3400 м бийиктикке чейин), андан жогору субнивалдык ландшафттары мүнөздүү.