БАРБАДОС: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol2_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

11:02, 29 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы

БАРБА́ДОС – Вест-Индиядагы мамлекет. Кичи Антил аралдарына кирген Барбадос а-нда жайгашкан. Аянты 431 км2. Калкы 294 миӊ (2021). Борбору – Брижтаун ш. Мамл. тили – англис тили. Адм.-айм. жактан 11 районго бөлүнөт. Акча бирдиги – Барбадос доллары. БУУнун, Эл аралык валюта фондунун, Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо, Эл аралык эмгекти бөлүштүрүү уюмдарынын мүчөсү.
Б. – унитардык мамлекет. Шериктештик курамына кирет. Башкаруу формасы – парламенттик республика. Мамлекет башчысы – Улуу Британия королевасы, анын милдетин жерг. өкүл – генерал-губернатор аткарат. Аткаруу бийлиги премьер-министр жетектеген өкмөт тарабынан ишке ашырылат. Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы – эки палаталуу парламент (Жыйындар палатасы ж-а Сенат). Негизги саясий партиялары: Демокр. Лейборист партиясы, Барбадос лейборист партиясы.

Жеринин бети түздүктүү. Арал шуру (коралл) рифтери м-н курчалып, борб. бөлүгүн карай тектирчеленип көтөрүлөт; эӊ бийик жери 340 м (Хиллаби тоосу). Климаты тропиктик пассаттык. Айлык орт. темп-расы 27°С. Жылдык жаан-чачыны 1400 мм. Топурагы күрөӊ, кызыл, тропик өсүмдүктөрү өсөт.
Калкынын 87–92%ин вест-индиялык негрлер түзөт. Орт. жыштыгы 1 км2 жерге 602,4 киши. Христиан [протестанттар (англикандар) 67%, католиктер 4%] динин тутат. Калкынын жашынын орт. узактыгы: эркектериники – 74,5, аялдарыныкы – 79,5 жаш. Шаар калкы 52,9% (2005). Ири шаары – Брижтаун.
Аралды байыртадан эле индейлердин аравак ж-а карибы уруулары мекендеген. 1518-ж. аралдагы жыш дарактарга жармашып өскөн эпифиттерди сакалга окшоштуруп, аны Б. (испанча barbado – сакалдуу, түктүү) деп аташкан. 1625-жылдан англичандар алгачкы колониясын түптөшүп, 1628-ж. Брижтаун ш-н негиздеген. 17-к-дын 30-ж-нан бал камыш плантацияларына иштетүү үчүн Африкадан кулдарды алып келе башташкан. 1640-ж. Б-тун калкы 37 миӊ

Барбадостун деӊиз жак жээги.

европ-тан ж-а 6 миӊ негрден турса, 1786-ж. европ-тардын саны 15 миӊге чейин кыскарып, негр калкы 62 миӊге өскөн. 1838-ж. кулчулук жоюлган. 1876-ж. беш аралдан турган өз алдынча федерациялык мамлекетти куруу аракети ийгиликсиз аяктаган. 20-к-дын 30-ж-нда улуттук-боштондук кыймыл кайрадан күч алган. 1939–45-ж. Б-то алгачкы саясий партиялар түзүлүп, алар аралга көз каранды эместикти берүү талабы м-н чыгышкан. 1950-ж. жалпыга бирдей шайлоо укугу киргизилген. 1958–62-ж. улуттук-боштондук кыймылынын жогорулашын токтотуу үчүн Улуу Британия түзгөн Вест-Индия федерациясына киргизилген. 1961-ж. Б. өзүн-өзү башкаруу укугун алган. 1966-ж. 30-ноябрда Британ Шериктештигинин алкагында көз карандысыздык берилген. 1968-ж. Б. Кариб эркин соода ассоциациясын (КАРИФТА) түзүүгө катышкан, анын базасында 1973-ж. Кариб коомчулугу ж-а Кариб жалпы рыногу (КАРИКОМ) пайда болгон. Ушул уюмдарга мүчө болгон мамлекеттердин ортосундагы бажы тоскоолдуктарын жоюп, башка өлкөлөрдөн ташылып келген товарларга бирдиктүү пошлиналарды (алымдар) белгилеген. 1995-ж. Б. Кариб өлкөлөрүнүн ассоциациясына кошулган, анын максаты ири аймактык эркин соода зонасын түзүү деп жарыяланган. Аралда эки партиялуу система түзүлгөн: Демокр. лейбористтик партиясы (ДЛП) ж-а Б. лейбористтик пар­тиясы (БЛП). 1961–76-ж. өлкөнү Э. В. Барроу (ДЛП), 1976–85-ж. Дж. Адамс (БЛП), 1986–94-ж. Барроу, 1987-жылдан Л. Э. Сэндифорд (ДЛП), 1994–2008-ж. Оуэн Артур (БЛП), 2008-ж. бийликке Демокр. лейбористтер партиясы (ДЛП) келип, аны Д. Томпон, 2010-жылдан Ф. Стюарт (ДЛП) жетектеген. 1966-жылдан БУУга мүчө.
Б. – агрардык өлкө. Экономикасынын негизин кант өндүрүү ж-а туризм (жылына 0,5 млн) түзөт. Ички дүӊ продукциясында а. ч-нын үлүшү 4,2% (2001), өнөр жайыныкы 7,1%. Ички улуттук продукциясы 4,57 млрд долларды түзөт (2004). Аны киши башына бөлүштүргөндө 7100 доллардан (АКШ) туура келет. 2002-ж. 860 млн кВт.с электр энергиясы өндүрүлгөн. Аймагынын 70%инен ашыгы а. ч-на пайдаланылат. Негизги өсүмдүгү – бал камыш. Багбанчылык өнүккөн. Тропик жемиштери (манго, авокадо, гуаява), цитрус өсүмдүктөрү ж. б. өстүрүлөт. Мал чарбасында көбүнчө кой, эчки, чочко асыралат. Жаратылыш газы ж-а нефть казылып алынат. Кант, тамак-аш-татымал (ром, тамеки, консерва), текстиль өнөр жайлары иштейт. Балык кармалат. Автомобиль жолунун уз. 1,6 миӊ км. Темир жолу жок. Сыртка кант, мелласа, шире, ром, хим. өнөр жай продукциялары, электр аппаратура компоненттери жөнөтүлөт. Сырттан автомобиль, транспорт, курулуш материалдарын, оор машина куруу жабдууларын, отун ж-а азык-түлүк алат. Негизги соода шериктештери: АКШ, Улуу Британия, Ямайка, Япония, Тринидад ж-а Тобаго.
Жазма ад-ты 20-к-дын 40-жылдарында англис тилинде өнүгө баштаган. Поэзиясында вест-индиялык мотивдер күчтүү. Э. К. Брэйтуэйт, П. Блэкмен, Х. А. Воан, Ж. Дрейтон, Ф. Э. Коллимор ж. б. акындардын көлөмдүү ыр жыйнактары, о. эле Ж. Лемминг, К. Сили, Э. Уолкотт, К. М. Хоуптун повесть, романдары дүйнө жүзүнө белгилүү болгон. 1940–50-ж. расалык дискриминация, адам укугу ж-а эмигранттардын оор турмушу негизги темалардан болгон. Театр, кино, арх-расы да кийинки жылдары өнүгүүдө. Б-тун эл агартуу системасы Англияныкына окшош. Балдардын баары дээрлик окушат. Брижтуанда бир нече ЖОЖ, жалпы элдик китепкана (1847), Жеймс-Хаус тарых музейи (1835, о. эле анын алдында ил.-тарыхый коом уюшулган), Барбадос галереялык иск-восу (1996), обсерватория (1963), Барбадос музейи ж-а тарых коому (1933-ж. негизделген), деӊиз флоту музейи бар. О. эле аравактар м-н карибдердин байыркы мад-ты сакталып калган. 19-к-дын башында Иск-во коому негизделген. 1950-жылдары туризмдин өсүшүнө байланыштуу георгиан стилиндеги бир нече имарат салынган (мис., Санди-Лейн мейманканасы, арх. Р. Уорд). 1950–60-жылдары англ. белгилүү дизайнер О. Месселдин чыг-лыгын таланттуу мастерлер: Х. Акуилар, А. Хассельквист, Р. Томпсон, И. Моррисон ж. б. андан ары улантышкан. Салттуу карапа өндүрүшү Чоки-Маунт ж-а Тернерс-Холлдо өнүккөн. К. Рассел, У. Хардинг, Б. Грейс, Рас Аким Рамси карапа буюмдарын байытышкан. Кол өнөрчүлүгүндө амер. индейлердин салттуу мотивдери сакталган. Жыл сайын «Холдерс-сизон» муз.-театрлаштырылган фестивалы ж-а жаз фестивалы өткөрүлүп турат.

Барбадос акчасы.