КОРИНФ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
No edit summary
 
1 сап: 1 сап:
<b type='title'>КОРИ&#769;НФ</b> – Коринф мойногундагы байыркы грек
<b type='title'>КОРИ&#769;НФ</b> – Коринф мойногундагы байыркы грек
шаар-мамлекети (полиси). Азыркы Коринф ш-нан 6 <i>км</i> түш.-батыш тарапта жайгашкан. К-ти казганда, б. з. ч. 2-миң жылдыкта калк&shy;тын жашагандыгы далилденген. Аны болжол м-н б. з. ч. 10-к-да дорийлер негиздеген. Б. з. ч.
шаар-мамлекети (полиси). Азыркы Коринф шаарынан 6 <i>км</i> түштүк-батыш тарапта жайгашкан. Коринфти казганда, б. з. ч. 2-миң жылдыкта калк&shy;тын жашагандыгы далилденген. Аны болжол м-н б. з. ч. 10-кылымда дорийлер негиздеген. Б. з. ч. 8–7-кылымдарда Коринф Сиракузы, Керкира, Потидей сыяк&shy;туу колонияларга ээлик кылып, Милет, Кипр, Египет ж. б. мамлекеттер м-н соода жүргүзгөн. Коринфтин коло ж-а карападан жасалган көркөм буюмдарынын даңкы алыска тараган. Б. з. ч. 8–6-кылымдарда Коринфте олигархия м-н тирания бири-би&shy;рин алмаштырып турган. Тирандар Кипсел м-н Периандрдын учурунда (болжол м-н б. з. ч. 657– 585) Коринф абдан өнүккөн. Б. з. ч. 6-кылымдын аягында Коринф башында Спарта турган Пелопоннес союзуна кирген. Б. з. ч. 431–404-жылдардагы Пелопоннес со&shy;гушунун чыгышына Афины м-н Коринфтин эре&shy;гишүүлөрү себеп болгон. Б. з. ч. 395–387-жылдарда Коринф күч-кубаттуу Спартага каршы Аргос, Фивы, Афины ж. б. полистер м-н бирге Коринф согу&shy;шун жүргүзгөн. Эллин мезгилинде (б. з. ч. 338–197-жылдар) Коринфти македон аскерлери ээлеп, б. з. ч. 2-кылымда римдиктерге каршы грек шаар-мамлекет&shy;теринин согушуна катышкандыгы үчүн б. з. ч. 146-жылы римдиктер Коринфти талкалап, калкын кулдукка саткан. Римдин Ахайя провинциясы түзүлгөндө (б. з. ч. 27-жылы) Коринф анын башкы шаары&shy;на айланган, бирок б. з. 395–521-жылдарда готтор тал&shy;калап, Юстиниандын тушунда Коринф кайрадан ка&shy;лыбына келтирилген. 1458-жылы оcмон түрктөрү ба&shy;сып алган. 1858-жылы байыркы Коринф жер титирөөдөн дээрлик талкаланган. Коринфти казуу иши 1896-жыл&shy;дан жүргүзүлүп келет. Аполлон храмы, Аполлон ыйык участкасы ж-а гректер м-н римдиктердин турак жай кварталдары, храмдар, рим театрла&shy;рынын кээ бир бөлүктөрү сакталып калган.
8–7-к-да К. Сиракузы, Керкира, Потидей сыяк&shy;туу колонияларга ээлик кылып, Милет, Кипр, Египет ж. б. мамлекеттер м-н соода жүргүзгөн. К-тин коло ж-а карападан жасалган көркөм буюмдарынын даңкы алыска тараган. Б. з. ч.
8–6-к-да К-те олигархия м-н тирания бири-би&shy;рин алмаштырып турган. Тирандар Кипсел м-н Периандрдын учурунда (болжол м-н б. з. ч. 657–
585) К. абдан өнүккөн. Б. з. ч. 6-к-дын аягында К. башында Спарта турган Пелопоннес союзуна
кирген. Б. з. ч. 431–404-ж-дагы Пелопоннес со&shy;гушунун чыгышына Афины м-н К-тин эре&shy;гишүүлөрү себеп болгон. Б. з. ч. 395–387-ж.
К. күч-кубаттуу Спартага каршы Аргос, Фивы, Афины ж. б. полистер м-н бирге Коринф согу&shy;шун жүргүзгөн. Эллин мезгилинде (б. з. ч. 338–
197-ж.) К-ти македон аскерлери ээлеп, б. з. ч. 2-к-да римдиктерге каршы грек шаар-мамлекет&shy;теринин согушуна катышкандыгы үчүн б. з. ч. 146-ж. римдиктер К-ти талкалап, калкын кулдукка саткан. Римдин Ахайя провинциясы түзүлгөндө (б. з. ч. 27-ж.) К. анын башкы шаары&shy;на айланган, бирок б. з. 395–521-ж. готтор тал&shy;калап, Юстиниандын тушунда К. кайрадан ка&shy;лыбына келтирилген. 1458-ж. оcмон түрктөрү ба&shy;сып алган. 1858-ж. байыркы К. жер титирөөдөн дээрлик талкаланган. К-ти казуу иши 1896-жыл&shy;дан жүргүзүлүп келет. Аполлон храмы, Аполлон ыйык участкасы ж-а гректер м-н римдиктердин турак жай кварталдары, храмдар, рим театрла&shy;рынын кээ бир бөлүктөрү сакталып калган.
[[Категория:4-том,_453-496_бб]]
[[Категория:4-том,_453-496_бб]]

07:38, 28 Май (Бугу) 2026 -га соңку нускасы

КОРИ́НФ – Коринф мойногундагы байыркы грек шаар-мамлекети (полиси). Азыркы Коринф шаарынан 6 км түштүк-батыш тарапта жайгашкан. Коринфти казганда, б. з. ч. 2-миң жылдыкта калк­тын жашагандыгы далилденген. Аны болжол м-н б. з. ч. 10-кылымда дорийлер негиздеген. Б. з. ч. 8–7-кылымдарда Коринф Сиракузы, Керкира, Потидей сыяк­туу колонияларга ээлик кылып, Милет, Кипр, Египет ж. б. мамлекеттер м-н соода жүргүзгөн. Коринфтин коло ж-а карападан жасалган көркөм буюмдарынын даңкы алыска тараган. Б. з. ч. 8–6-кылымдарда Коринфте олигархия м-н тирания бири-би­рин алмаштырып турган. Тирандар Кипсел м-н Периандрдын учурунда (болжол м-н б. з. ч. 657– 585) Коринф абдан өнүккөн. Б. з. ч. 6-кылымдын аягында Коринф башында Спарта турган Пелопоннес союзуна кирген. Б. з. ч. 431–404-жылдардагы Пелопоннес со­гушунун чыгышына Афины м-н Коринфтин эре­гишүүлөрү себеп болгон. Б. з. ч. 395–387-жылдарда Коринф күч-кубаттуу Спартага каршы Аргос, Фивы, Афины ж. б. полистер м-н бирге Коринф согу­шун жүргүзгөн. Эллин мезгилинде (б. з. ч. 338–197-жылдар) Коринфти македон аскерлери ээлеп, б. з. ч. 2-кылымда римдиктерге каршы грек шаар-мамлекет­теринин согушуна катышкандыгы үчүн б. з. ч. 146-жылы римдиктер Коринфти талкалап, калкын кулдукка саткан. Римдин Ахайя провинциясы түзүлгөндө (б. з. ч. 27-жылы) Коринф анын башкы шаары­на айланган, бирок б. з. 395–521-жылдарда готтор тал­калап, Юстиниандын тушунда Коринф кайрадан ка­лыбына келтирилген. 1458-жылы оcмон түрктөрү ба­сып алган. 1858-жылы байыркы Коринф жер титирөөдөн дээрлик талкаланган. Коринфти казуу иши 1896-жыл­дан жүргүзүлүп келет. Аполлон храмы, Аполлон ыйык участкасы ж-а гректер м-н римдиктердин турак жай кварталдары, храмдар, рим театрла­рынын кээ бир бөлүктөрү сакталып калган.