ЖАБГУ: нускалардын айырмасы
No edit summary |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ЖАБГУ</b> | <b type='title'>ЖАБГУ,</b> йавгу – 1) байыркы Түрк каган­дыгында колдонулган жогорку наамдардын бири. [[Махмуд Кашгари]] боюнча хандан (кара:[[КАГАН|Каган]]) эки баскыч төмөн турган кызматтык даража. Байыркы [[КЫТАЙ ТАРЫХЫЙ ДАРЕКТЕРИ|Кытай тарыхый даректери]]нде «шеху» түрүндө кезигет. Айрым окумуштуулардын пикиринде алгач бул термин юэчжи-эфталиттердин (кара: [[КУШАН ПАДЫШАЛЫГЫ|Кушан падышалыгы]]) мезгилинде колдонулган. Баштап­кы маанисинде yavuga (yam – жетектөө, баш­каруу), ошондуктан Жабгу деген сөз адегенде сак­кушандарда ат атооч катары колдонулуп, ки­йин наамды билдирип калган. Жабгу наамын [[БУМЫН|Бу­мын каган]]дын мезгилинде [[БАТЫШ ТҮРК КАГАНДЫГЫ|Батыш Түрк каган­дыгы]]нын башчысы [[ИСТЕМИ|Истеми]] алып жүргөн. Бийликтин жогорку бас­кычында кагандын эң жакын жардамчылары катары кагандын балдарынан же туугандары­нан жабгу жана шадылар дайындалып, эреже боюнча алар аскердин сол же оң канатына башчылык кылышкан. 2) [[БАРСКАН шаары|Барскандын]] жанындагы шаардын аталышы. Махмуд Кашгаринин сөздүгүндө ал шаарга жакын жердеги ашуу да «Йавгу арт» деп аталган. | ||
Ад.: <i>Бернштам А. Н</i>. Социально-экономической | Ад.: <i>Бернштам А. Н</i>. Социально-экономической | ||
01:18, 1 Июнь (Кулжа) 2026 -деги абалы
ЖАБГУ, йавгу – 1) байыркы Түрк кагандыгында колдонулган жогорку наамдардын бири. Махмуд Кашгари боюнча хандан (кара:Каган) эки баскыч төмөн турган кызматтык даража. Байыркы Кытай тарыхый даректеринде «шеху» түрүндө кезигет. Айрым окумуштуулардын пикиринде алгач бул термин юэчжи-эфталиттердин (кара: Кушан падышалыгы) мезгилинде колдонулган. Баштапкы маанисинде yavuga (yam – жетектөө, башкаруу), ошондуктан Жабгу деген сөз адегенде саккушандарда ат атооч катары колдонулуп, кийин наамды билдирип калган. Жабгу наамын Бумын кагандын мезгилинде Батыш Түрк кагандыгынын башчысы Истеми алып жүргөн. Бийликтин жогорку баскычында кагандын эң жакын жардамчылары катары кагандын балдарынан же туугандарынан жабгу жана шадылар дайындалып, эреже боюнча алар аскердин сол же оң канатына башчылык кылышкан. 2) Барскандын жанындагы шаардын аталышы. Махмуд Кашгаринин сөздүгүндө ал шаарга жакын жердеги ашуу да «Йавгу арт» деп аталган.
Ад.: Бернштам А. Н. Социально-экономической строй орхоно-енисейских тюрок VI–VIII веков. М.; Л., 1946; Малов С. Памятники древнетюркской письменности. Тексты и исследования, М.; Л., 1951; Кляшторный С. Г. Древнетюркские рунические памятники как источник по истории Средней Азии. М., 1964.
Т. Жуманалиев.