БОНИТЕТ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
No edit summary
 
1 сап: 1 сап:
'''БОНИТЕ́Т ''' (лат. bonitas – сапаттуу) – жаратылыш ресурстарын баалоо жана айыл чарбага жарактуу жерлерге, топуракка, токойго, жаныбар менен өсүмдүк дүйнөсүнө ж. б-га салыштырмалуу мүнөздөмө берүү үчүн колдонулган шарттуу көрсөткүч (балл). Адатта, ал ресурстун конкреттүү түрүн пайдалануу эсеп-кысабынын негизинде аныкталат. Эӊ белгилүүсү – токой бонитети; ал – токойдун бир участогунун табигый шартка жана адамдын токойго тийгизген таасирине байланыштуу чарбалык өндүрүмдүүлүгүнүн көрсөткүчү. Басымдуулук кылган бак-дарактын орточо бийиктиги боюнча (орточо жашы эске алынып) аныкталат. Токой бонитети (жыгачтын сапатына ылайык) беш класска (I классы өтө өндүрүмдүү; V классы эӊ төмөн сапаттуу) бөлүнөт. Ал эми топурак бонитети жер участогунун табигый касиеттеринин сапаттуу мүнөздөмөсү, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгүнүн жалпы көрсөткүчү.
'''БОНИТЕ́Т ''' (лат. bonitas – сапаттуу) – жаратылыш ресурстарын баалоо жана айыл чарбага жарактуу жерлерге, топуракка, токойго, жаныбар менен өсүмдүк дүйнөсүнө жана башкаларга салыштырмалуу мүнөздөмө берүү үчүн колдонулган шарттуу көрсөткүч (балл). Адатта, ал ресурстун конкреттүү түрүн пайдалануу эсеп-кысабынын негизинде аныкталат. Эӊ белгилүүсү – токой бонитети; ал – токойдун бир участогунун табигый шартка жана адамдын токойго тийгизген таасирине байланыштуу чарбалык өндүрүмдүүлүгүнүн көрсөткүчү. Басымдуулук кылган бак-дарактын орточо бийиктиги боюнча (орточо жашы эске алынып) аныкталат. Токой бонитети (жыгачтын сапатына ылайык) беш класска (I классы өтө өндүрүмдүү; V классы эӊ төмөн сапаттуу) бөлүнөт. Ал эми топурак бонитети жер участогунун табигый касиеттеринин сапаттуу мүнөздөмөсү, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгүнүн жалпы көрсөткүчү.


''А. Конушбаева.''
''А. Конушбаева.''
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

05:06, 3 Июнь (Кулжа) 2026 -га соңку нускасы

БОНИТЕ́Т (лат. bonitas – сапаттуу) – жаратылыш ресурстарын баалоо жана айыл чарбага жарактуу жерлерге, топуракка, токойго, жаныбар менен өсүмдүк дүйнөсүнө жана башкаларга салыштырмалуу мүнөздөмө берүү үчүн колдонулган шарттуу көрсөткүч (балл). Адатта, ал ресурстун конкреттүү түрүн пайдалануу эсеп-кысабынын негизинде аныкталат. Эӊ белгилүүсү – токой бонитети; ал – токойдун бир участогунун табигый шартка жана адамдын токойго тийгизген таасирине байланыштуу чарбалык өндүрүмдүүлүгүнүн көрсөткүчү. Басымдуулук кылган бак-дарактын орточо бийиктиги боюнча (орточо жашы эске алынып) аныкталат. Токой бонитети (жыгачтын сапатына ылайык) беш класска (I классы өтө өндүрүмдүү; V классы эӊ төмөн сапаттуу) бөлүнөт. Ал эми топурак бонитети жер участогунун табигый касиеттеринин сапаттуу мүнөздөмөсү, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгүнүн жалпы көрсөткүчү.

А. Конушбаева.