КОСОВО: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
No edit summary
1 сап: 1 сап:
<b type='title'>КО&#769;СОВО</b> – Балкан ж. а-ндагы мамлекет. Түндү&shy;гүнөн ж-а чыгышынан Сербия, батышынан Чер&shy;ногория, түш.-батышынан Албания, түштүгүнөн Македония м-н чектешет. Аянты 11 миң <i>км</i><sup>2</sup>.
<b type='title'>КО&#769;СОВО</b> – Балкан жарым аралындагы мамлекет. Түндү&shy;гүнөн ж-а чыгышынан Сербия, батышынан Чер&shy;ногория, түштүк-батышынан Албания, түштүгүнөн Македония м-н чектешет. Аянты 11 миң <i>км</i><sup>2</sup>. Калкы 2 млн чамасында (2010); негизинен ал&shy;бандар, ошондой эле серб, черногориялыктар жашайт.<br>Борбору – Приштина ш.
2
 
Калкы 2 млн чамасында (2010); негизинен ал&shy;бандар, о.эле серб, черногориялыктар жашайт.<br>
Борбору – Приштина ш.
Өлкөнүн аймагынын басымдуу бөлүгүн Косо&shy;во талаасы ж-а Метохия ойдуңдары ээлейт. Ойдуңдар аркылуу Ак Дрин, Ибар д. агып өтөт. Климаты мелүүн, континенттик (январдын орт. темп-расы 0°Сдей, июлдуку 20°С; жылдык орт. жаан-чачыны 700 <i>мм</i>). Тоо капталдарын жазы жалбырактуу токой, шалбаа ээлейт; жайыты арбын.
Өлкөнүн аймагынын басымдуу бөлүгүн Косо&shy;во талаасы ж-а Метохия ойдуңдары ээлейт. Ойдуңдар аркылуу Ак Дрин, Ибар д. агып өтөт. Климаты мелүүн, континенттик (январдын орт. темп-расы 0°Сдей, июлдуку 20°С; жылдык орт. жаан-чачыны 700 <i>мм</i>). Тоо капталдарын жазы жалбырактуу токой, шалбаа ээлейт; жайыты арбын.
8–12-к-да К. аймагы Рашка мамлекетине,
8–12-к-да К. аймагы Рашка мамлекетине,
19 сап: 15 сап:
Өнөр жайында коргошун-цинк кенташтарын
Өнөр жайында коргошун-цинк кенташтарын
казып алуунун ж-а эритүүнүн мааниси зор. О. эле лигнит, хромит, магнезит казылып алы&shy;нат. Химия, цемент, жыгач иштетүү, кагаз, тек&shy;стиль, булгаары, тамак-аш ө. ж. ишканалары иштейт.
казып алуунун ж-а эритүүнүн мааниси зор. О. эле лигнит, хромит, магнезит казылып алы&shy;нат. Химия, цемент, жыгач иштетүү, кагаз, тек&shy;стиль, булгаары, тамак-аш ө. ж. ишканалары иштейт.
Ад. <i>Овчинский В. С.</i> «Независимость» Косово в зеркале теневой политики. М., 2008.
Ад. <i>Овчинский В. С.</i> «Независимость» Косово в зеркале теневой политики. М., 2008.  


<p align='right'><i type='author'>Ө. Бараталиев, Ш. Керимова.</i></p>
<p align='right'><i type='author'>Ө. Бараталиев, Ш. Керимова.</i></p>
[[Категория:4-том,_453-496_бб]]
[[Категория:4-том,_453-496_бб]]

07:30, 3 Июнь (Кулжа) 2026 -деги абалы

КО́СОВО – Балкан жарым аралындагы мамлекет. Түндү­гүнөн ж-а чыгышынан Сербия, батышынан Чер­ногория, түштүк-батышынан Албания, түштүгүнөн Македония м-н чектешет. Аянты 11 миң км2. Калкы 2 млн чамасында (2010); негизинен ал­бандар, ошондой эле серб, черногориялыктар жашайт.
Борбору – Приштина ш. Өлкөнүн аймагынын басымдуу бөлүгүн Косо­во талаасы ж-а Метохия ойдуңдары ээлейт. Ойдуңдар аркылуу Ак Дрин, Ибар д. агып өтөт. Климаты мелүүн, континенттик (январдын орт. темп-расы 0°Сдей, июлдуку 20°С; жылдык орт. жаан-чачыны 700 мм). Тоо капталдарын жазы жалбырактуу токой, шалбаа ээлейт; жайыты арбын. 8–12-к-да К. аймагы Рашка мамлекетине, Биринчи Болгар падышалыгына ж-а Византия­га, 12-к-дын аягында сербдердин бирдиктүү мам­лек етине ки рген. 1346-жылдан Серб пат­риархатынын (резиденциясы – Печ ш.) борбору болгон. Косово талаасындагы салгылашуудан (1389) кийин К. Сербия м-н бирге түрк султан­дыгынын (1459-жылдан Осмон империясынын курамында) вассалына айланган. 17-к-га чейин аймактагы калктын көп бөлүгүн сербдер түзгөн. 1683–99-ж. Австрия-Түркия согушунун жүрү­шүндө К. аймагын австриялык аскерлер ээлеп, сербдер массалык түрдө К-дон чыгып кетишкен. 19-к-дын аягында К. албандардын улуттук кый­мылынын борборуна айланган. 1878-ж. Призрен ш-нда аскердик-саясий уюм – Призрен лигасы (Албан лигасы) уюшулуп, Осмон империясынын курамындагы бардык албандарды автономия­лык адм. бирдик түзүүгө чакырган. Түрк бийли­ги автономия ж-дө маселени кароодон баш тарт­кандыктан, албан улуттук кыймылынын лидер­лери алар м-н болгон байланыштарын үзгөн. Призрен лигасынын куралдуу отряддары К. аймагынын бир бөлүгүн басып алып, жерг. ал­бан администрациясынын органдарын түзгөн. 1881-ж. К. аймагына түрк аскерлеринин кири­ши м-н кыймыл токтотулган. 1897–1900-ж. К-до албандардын кыймылы кайрадан күч ал­ган. Балкан согуштарынын (1912–13) на­тыйжасында К. Сербия м-н Черногориянын, 1918-ж. Серб, хорват ж-а словендер (1929-жыл­дан Югославия) королдугунун курамына кирип, 3 адм.-айм. бирдиктердин (Вардар, Зет ж-а Мо­равия бановиндери) ортосунда бөлүштүрүлгөн. 1941-ж. Улуу Албаниянын курамына К-нун борб. бөлүгү, 2-дүйнөлүк согуш убагында К-нун көп бөлүгү Албания итал. протекторатынын курамына бириккен. Итал. аскерлердин окку­пациясы мезгилинде 40 миңдей серб өлтүрүлүп, 100 миңдей серб К-ну таштап кетүүгө аргасыз болгон. 1944-жылдын аягында К. аймагы итал. аскерлерден бошотулуп, 1945-ж. кайрадан Юго­славия Федеративдик Эл Респ-нын (1963-жыл­дан Соц. Федерациялык Югославия Республи­касы, СФЮР) курамына кошулган. 1945–63-ж. АО, 1963–69-ж. Сербия Респ-нын курамындагы Косово ж-а Метохия автономиялык крайы (1969- жылдан Косово). 1974-ж. СФЮРдун Конститу­циясы б-ча крайдын автономиялык статусу ке­ңейип, К. СФЮРдун өзүнчө субъектисине айла­нып, Сербия м-н бирдей укуктарга ээ болгон. 1981-ж. крайда студенттик массалык толкун­доолор өтүп, Югославиянын чегинде толук укук­туу респ. статусун талап кылышкан. 1989-ж. сербиялык Скупщина Сербия Конституциясы­на өзгөртүүлөрдү киргизип, автономиялык край­дын укуктарын чектеген. Бул чечим албандык сепаратизмдин күчөшүнө алып келип, кан төгүү­лөрдөн кийин К-до аскердик кырдаал киргизил­ген. Ошол эле жылы К-до И. Ругова жетектеген Косово Демокр. лигасы түзүлгөн. 1991-ж. сен­тябрда көз карандысыз Косово Респ-нын түзүл­гөндүгү жарыяланган. 1992-ж. майда президент­тик ж-а парламенттик шайлоолор өткөрүлүп, И. Ругова К. президенти болуп шайланган. 1996-ж. К-до «Косово боштондук армиясы» (КБА) түзүлүп, ал Сербия мамл. бийлигинин өкүлдөрүнө ж-а жерг. сербиялык калкка кар­шы террор баштаган. 1998-ж. кырдаал курчуп, кагылышуулар куралдуу түргө өткөн. Сербия­лык коопсуздук күчтөр КБАнын базаларына каршы чабуул жасап, аны Албанияны көздөй сүргөн. Югославия Союздук Респ-нын (ЮСР) жетекчилиги аймактагы тынчтык абалды ка­лыбына келтирүү ж-дө Ругова м-н сүйлөшүүлөр­дү баштаган. Бул б-ча ЮСР президенти С. Ми­лошевич К-го Сербия курамында улуттук авто­номия укуктарын кеңейтүүгө даяр экендигин билдирген. 1999-ж. 24-мартта НАТО ЮСРге кар­шы агрессиясын баштап, Сербия аймагын бом­балаган. 1999-ж. БУУнун Коопсуздук кеңеши­нин резолюциясы б-ча К. аймагында туруктуулук м-н тартиптүүлүктү сакташ үчүн НАТО жетек­теген эл аралык күчтөр киргизилген. К-ну убак­тылуу БУУнун Генералдык секретарынын ата­йын өкүлү башкарып, ал БУУнун Косоводогу Миссиясын жетектеген. 2004-ж. октябрда К-до парламенттик шайлоо өткөрүлүп, Косово Де­мокр. лигасы жеңишке жеткен. 2008-ж. 17-фев­ралда К. парламенти К-нун көз карандысызды­гын жарыялаган. 2011-жылдын февралына БУУга мүчө болгон 192 мамлекеттин 75и К-нун эгемендүүлүгүн тааныган. 2010-ж. 22-июлда БУУнун эл аралык соту К-нун эгемендүүлүгүнүн жарыяланышын эл аралык укукка каршы кел­бейт деп тааныган.
К. – негизинен агрардык өлкө, экон. активдүү калктын 1/ не жакыны а. ч-нда эмгектенет. Дан эгиндери (жүгөрү, буудай, арпа), тамеки, жа­шылча-жемиш, бак-дарак өстүрүлөт; жүзүмчү­лүк кеңири таралган. Кол өнөрчүлүк өнүккөн.
Өнөр жайында коргошун-цинк кенташтарын казып алуунун ж-а эритүүнүн мааниси зор. О. эле лигнит, хромит, магнезит казылып алы­нат. Химия, цемент, жыгач иштетүү, кагаз, тек­стиль, булгаары, тамак-аш ө. ж. ишканалары иштейт. Ад. Овчинский В. С. «Независимость» Косово в зеркале теневой политики. М., 2008.

Ө. Бараталиев, Ш. Керимова.