БАРРАНКИЛЬЯ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol2_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

11:02, 29 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы

БАРРАНКИ́ЛЬЯ (Barranquilla) – Колумбиянын түн.-батышындагы шаар. Атлантико департаментинин адм. борбору. Калкы 2,1 млн (2018, шаар айланасы м-н 2 млн). агдалена д-ндагы порт. Океан кемелеринин токтоочу жайы. Эл аралык аэропорту, чиркөөлөр, соборлор, ун-ттер, консерватория, музейлер бар. Машина куруу, текстиль, нефть ажыратуу, металл иштетүү, тамак-аш – татымал, цемент, химия, жеӊил өнөржайы, иштейт. 1629-ж. негизделген. Шаарга жакын а. ч. плантациялары жайгашкан. Исла-де Саламанка улуттук паркы уюшулган.