БАРСКОН КОЛТУГУ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol2_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

11:02, 29 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы

БАРСКОН КОЛТУГУ Ысык-Көлдүн түш. жээгиндеги булуӊча. Барскон кыш-нан 3,5 км аралыкта. Уз. 1 км, туурасы оозунда 0,9 км, тереӊдиги 50 мдей. Барскон суусу куят. Батыш жээги жантайыӊкы, чыгышы тик; түш. ж-а түш.-батыш жээктеринде кумдуу жазы тилке жатат. Төрүнөн 200 м аралыкта голоценде көлдүн деӊгээли көтөрүлгөндө пайда болгон шилендилер кезигет. Булуӊчанын таманы чөкмө (кум, алевролит, чополуу илээшкек) тектерден туруп, көл тарапты карай жантаят.